Бишкекте аялын мыкаачылык менен сабаган чет өлкөлүк жаранга издөө жарыяланды

Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы Бишкекте аялын бычак менен коркутуп, мыкаачылык менен сабаган чет өлкөлүк жаранга издөө жарыяланганын кабарлады.

Милициянын маалыматына таянсак, Д. М. аттуу Бишкектин 28 жаштагы тургуну жолдошу, Түркиянын жараны Б. Х. аттуу кишиге чара көрүүнү суранган. Жабырлануучунун айтымында, 14-мартта, түнкү саат 00:00 чамасында, борбор калаадагы Логвиненко көчөсүндөгү үйүндө күйөөсү аны төрт саат бою сабап, денесине залал келтирген.

Биринчи май РИИБден «Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүүнүн дарегин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.

«Күйөөңөр кол көтөрсө кечирбегиле»

Бир күн мурда, Медина аттуу визажист Инстаграм барагына жолдошу аны аёосуз сабап, өлтүрүүгө аракет кылганын жазган.

«Мени күйөм (мындан ары мурдагы күйөөм) өлтүрүүгө аракет кылды. Алдын-ала даярданганы билинип турат, ашкана бычактарын мешке коюп, ысытып коюптур. Билбейм, кандай максаты болгонун? Кескилейин дегенби же сүрөттөгүдөй кылып бетимди күйгүзөт беле?» — деп жазган ал.

Ошондой эле, ал жолдошу менен 7 жыл чогу жашап, ортодо бир баласы бар экенин айтып берген. Визажисттин айтымында, күйөөсү буга чейин деле кол көтөрүп келген жана барган сайын мыкаачылыгы күчөй баштаган. Ал эми аял кечирим сурап, экинчи кайталанбайт деген сөздөрүнө ишенип, жашоосун уланткан.

«Мен азыр жок болуп, балам жетим калышы да мүмкүн эле [...] Кыздар, ур-токмокту кечирбегиле, бир жолу кол көтөрсө, андан кийин деле кайталанат. Көптөгөн аялдар үй-бүлөлүк зомбулуктан көз жумган. Өзүңөрдү сактагыла!» — деп жазган Медина.

Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук

Кыргызстанда зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү милицияга арыз менен кайрылбагандыктан катталбай, эске алынбай калат. Бул үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы расмий статистикадан алда канча чоң экенинен кабар берет.

Агрессорду мыйзам чегинде жазалоо абдан татаал — көпчүлүк кылмыш иштери айып пул төлөө же коомдук жумуштарга тартылуу менен чектелет.

Ошондуктан сот жообуна тартылбай турганын билген агрессор аялды өлтүрүп да коюшу мүмкүн.

«Клооптун» журналисттеринин Кыргызстандагы фемицид тууралуу изилдөөсүндө аялдар көбүнесе күйөөсү же бирге жашаган өнөктөшүнүн колунан ажал табары аныкталган — бул үй-бүлөлүк зомбулукту убагында алдын албагандын кесепети.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Зомбулукка кабылгандардын 9 038не коргоо ордери берилген — анын ичинен 8 миң 463ү аялдарга, 311и эркектерге, 264 жашы жете элек өспүрүмдөргө ыйгарылган.

Зомбулукка кабылсаңыз төмөнкү кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек ш. Чүй проспектиси 207, 509-батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек ш. Табышалиев көчөсү 3, телефон: 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош ш. Ленин көчөсү 205/105, телефондор: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору — Ош ш. Ленин көчөсү 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • «Мээрбан» Кризистик борбору коомдук уюму — Ош ш. Ленин 312/23, телефон: 0773843461;
  • «Теңдеш» Кризистик борбору Бейөкмөт уюму — Нарын ш. Кыргыз көчөсү 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» Коомдук фондунун астындагы «Маана» кризистик борбору — Талас ш. Тагайбаев көчөсү 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаңыл Мырза» кризистик борбору — Баткен ш. Сыдыков көчөсү 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад ш. Б.Осмонов көчөсү 113, телефон: 0372255084;
  • «Аялзат — аялдар демилгелерин колдоо» Коомдук уюму — Каракол ш. Абдрахманов көчөсү 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • Чолпон-Ата шаарындагы «Алтынай» кризистик борбору — 0709694550;
  • Каракол шаарындагы «Мээрман» кризистик борбору — 0706383637;
  • Каракол шаарындагы «Химая» аялдарга жардам көрсөтүү жана реабилитиция борбору — 0702223535 (түз линия), 0551733390.

Тема боюнча дагы окуңуз:

«Клооптон» тест: Зордук-зомбулукка кабылып-кабылбаганыңызды, кабылсаңыз кайсы түрүнө экенин текшериңиз

ИИМ: Үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөр жети суткага чейин камалат