Бишкекте Нооруз майрамын өткөрүүгө дээрлик 2 млн сом коротулат

Бишкекте Нооруз майрамын өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен 1 млн 800 миң сом коротулат. Бул тууралуу «Клоопко» мэрияга караштуу маданият департаментинин директорунун орун басары Урмат Белекбаев билдирди.

Башында мамлекет иш-чарага 2 млн сом бөлгөн, бирок тендерди бюджети 1 млн 800 миң сомду түзгөн жалданмачылар жеңип алган.

Акча эмнелерге коротулат?

Урмат Белекбаев ири иш-чара өтөрүн айтып берди: Ала-Тоо аянтында саат 10дон баштап 12:30га чейин театралдаштырылган оюндар жана концерт болот. Анын айтымында, аянт майрамга карата жасалгаланып, үн чыгаруу жабдуулар, сахна, LED экрандар, селкинчектер жана боз үйлөр орнотулат.

«Саат үчтөн тарта төрт паркта: “Адинай” атындагы паркта, “Ынтымак” жана “Ынтымак 2” паркында элдик сейилдөө болот. “Адинай” паркында кичи-футбол, шахмат, аркан тартуу, балдар жеңил атлетикасы жана башка көптөгөн спорт оюндары боюнча мелдештерди уюштурабыз.“Ынтымак” паркында улуттук ашкана жана эко-өнүмдөрдүн көргөзмөсү өтөт. “Ынтымак 2” паркында фольклордук-эстрадалык концерт, кол өнөрчүлүк жана улуттук “Ордо” оюну боюнча мастер-класстарды өткөрөбүз», — деди Белекбаев.

Белекбаев мындай элдик сейилдөөлөр борбор калаанын төрт районунда тең болорун кошумчалады.

Нооруз майрамы 21-мартта белгиленет.

Дагы окуңуз: 

Ош мэриясы Ноорузду майрамдоого 1,6 млн сом коротууну пландап жатат