Казак премьеринин басма сөз кызматы: Кыргызстан ЕАЭБдин бажы пошлинасын доллар менен алат

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер Кыргызстан, Казакстан жана Армения мындан ары деле импорт үчүн бажы пошлинасын доллар менен алууну макулдашты. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматына таянып Vласть басылмасы жазды.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында казак тараптын сунушу колдоо тапты: Орусия жана Белорус республикасына импорттук бажы алымдарын которуу жана бөлүштүрүү үчүн рубль колдонулат, ал эми валюта акча жөнөткөн өлкөнүн улуттук банкынын курсуна ылайыкталат. Казакстан республикасына, Армения жана Кыргызстанга импорттук бажы алымдары мурдагыдай эле доллар менен чогултулат жана бөлүштүрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

ЕАЭБдин келишиминде уюмга мүчө мамлекеттер бажы алымдарын чогултуп, андан соң өз ара бири-биринин бюджетине которо турганы каралган.

Мурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бардыгы чогулган бажы алымдарындагы өз үлүшүн АКШ долларында алып келген. Бирок Орусияга салынган эл аралык санкциялардан улам Орусия жана анын Украинага кол салышын колдогон Белорус үчүн бул мүмкүн болбой калды.

Буга чейин ЖМКлар Орусиянын Экономикалык өнүктүрүү министри Максим Решетниковдун «Россия 24» каналында жарыяланган билдирүүсүн таратышкан. Решетников эфирде ЕАЭБге мүчө мамлекеттер «этап-этап менен улуттук валютада эсептешүүгө өтүүнү макулдашканын» жарыялаган.

«Буга чейин мунун баары чет мамлекеттин валютасы менен жасалчу. Бүгүндөн баштап акырындык менен улуттук валюта менен соодалашууну макулдаштык»,— деген ал.

Кыргызстандын бийлиги азырынча бул маалыматка эч кандай комментарий бере элек.