УКМК: Сириядагы согушка азгырууга шектелип чет элдик эки киши кармалды

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргызстандын аймагында эл аралык террордук жана диний-экстремисттик уюмдун радикалдык идеяларын жайылтууга шектеп чет элдик эки кишини кармады.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Кыргызстандын аймагын транзит катары пайдаланып, адамдарды азгырып, Сириянын согуш жүрүп жаткан аймагына чыгып кетүүнү көздөшкөн.

Атайын кызматтан учурда эл аралык террордук топтун ишмердүүлүгүнө катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер уланып жатканын белгилешти.

Ал эми кармалган адамдардын кайсы өлкөнүн жарандары экени айтылган жок.

Материалды даярдаган: Канышай Балкыбекова.