COVID-19: Бир жуманын ичинде коронавирустан жети адам каза тапты

Республикалык штаб Кыргызстанда 15-марттан 21-мартка чейинки аралыкта COVID-19 жуктурган жети адам каза болгонун билдирди. Маалыматка караганда, көз жумгандар эмдөөдөн өткөн эмес. Ал эми өткөн аптада COVID-19 жаңыдан жуктургандардын саны — 76.

  • Бишкек — 50;
  • Чүй облусу — 19;
  • Ош облусу — 3;
  • Талас облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 2.

Өткөн аптада Ош шаарында, ошондой эле Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарында СOVID-19 инфекциясынын жаңы учуру катталган жок.

Штабдын маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктуруунун 200 818 учуру аныкталып, 196 083 адам илдеттен айыгып чыкты. Ал эми бул аралыкта каза тапкан бейтаптардын саны — 2 980.

Акыркы жумада 2018 бейтап айыгып чыкты. Ушул тапта, 21-мартка карата 94 бейтап ооруканада, 77 киши үй шартында дарыланып жатат.