«Азаттык»: Украинада орус жарандыгын алган 19 жаштагы кыргызстандык бала каза тапты

Украинадагы согушта Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн 19 жаштагы жигит каза болду. Маалыматты «Азаттыкка» Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл аймагынын башчысы Эрлан Жумеков тастыктады.

Анын айтымында, азырынча каза болгон жигиттин сөөгү Кыргызстанга алып келине элек.

«Сөөктү бул жакка алып келе элек. Күтүп жатышат. Атасы бул жакта. 2002-жылкы бала экен. Орусиянын жараны. Башка маалымат жок», — деди Жумеков.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен «азырынча маалымат бере албай турганын» айтышты.

«Бул боюнча тактап жатабыз. Азырынча так маалымат жок, анткени каза болгон кыргызстандык жигит Орусиянын жараны болуп эсептелет», — деп түшүндүрүштү «Клоопко» Кыргызстандын ТИМнен.

«Азаттыктын» маалыматына ылайык, 17-мартта соцтүйүндөрдө Украинадагы согушта кыргызстандык каза болду деген маалымат пайда болгон.

«“Фейсбук” колдонуучулардын бири тааныштарынын орус армиясында төрт ай кызмат өтөгөн 19 жаштагы уулу согушта курман болгонун билдирип, маркумдун жакындарына көңүл айткан. Маалыматка караганда, аскер жигит жакындарына 22-февралда телефон чалып байланышкан. Анын Орусияда иштеген апасына Орусиянын тийиштүү мекемелери уулу 8-мартта каза болгонун, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрүн айтышкан. “Фейсбукка” бул маалыматты жазган киши кийин постун өчүрүп койгон», — деп белгилейт басылма.

Буча шаарында жок кылынган Орусиянын согуштук техникасы. Сүрөт: Украинанын Ички иштер министрлиги.

Орус аскерлери Украинага 24-мартта кол салган. Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согушка милдеттүү аскер кызматын өтөп жаткандар катышып жатканы тууралуу маалыматты көпкө чейин тастыктабай жаткан. Бирок ал арада украин тарап бул маалыматты тастыктап, туткунга түшкөн орус аскерлеринин видеосун жарыялаган.

9-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги Украинада орус армиясынын катарында милдеттүү аскердик кызматын өтөп жаткан аскерлери бар экенин моюндап, бирок «бул категориядагы аскерлердин баары Орусиянын аймагына кайра чакыртылып алынды» деп билдирген.

«Настоящее время» басылмасы Орусиянын мыйзамдарына ылайык, аскердик кызмат өтөп жүргөн жоокерлер согуштук аймакка жөнөтүлөрдөн мурда кеминде төрт ай кызмат өтөөгө тийиш.

Каза тапкан аскерлер тууралуу маалыматты эки тарап ар башкача айтып жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги 2-мартта бир гана жолу 498 орус аскери каза таап, 1597си жаракат алганын кабарлаган. Ведомство ошондой эле, 2870 украин аскери каза болгонун жана 3700 чамалуу киши жарадар болгонун билдирген.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы согушта 15 миңдей орусиялык аскер каза тапканын ырастаган. Бирок канча украиналык жоокер каза тапканы расмий ачыкталган эмес. 16-мартта АКШнын чалгындоо кызматы Украинадагы согушта Орусиянын жети миң аскери каза болуп, дагы 14 миңи жарадар болгонун билдирген.

Ал эми ББСнин орус кызматы Украинада каза тапкан 557 орус аскеринин аты-жөнүн аныктаган.