Чүйдө лифт жабдууларын өндүрүүчү алгачкы атамекендик завод ачылды

Лифт жабдууларын өндүрүүчү алгачкы атамекендик ишкананын ачылышы. Сүрөт: минкабдын басма сөз кызматы.

Ленинское айылында лифт жабдууларын жана көтөрүүчү механизмдерди өндүрүүчү алгачкы атамекендик ишкана ачылды.

Компаниянын негиздөөчүсү Рахат Жунушбаева ЕАЭБ жана Борбор Азия рыногуна чыгуу пландары тууралуу айтып берди.

«Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу — 500 даана жабдыкты түзөт. Заводдун Бишкек шаарындагы лифттерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында жогорку технологиялуу лифттерге алмаштырууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар», — деп белгиледи Жунушбаева.

Өз кезегинде минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров жакында эле автобус өндүрүүчү «Белес» компаниясы ачылганын да белгиледи.

«Ар кандай өндүрүштүн ачылышы мультипликативдик натыйжа берет. Мунун өзү – жаңы жумуш орундары жана республикалык бюджетке чегерүүлөр, жалпы эле аймактын өнүгүүсү. Биз өнөр жай тармагын өнүктүрүшүбүз керек жана өндүрүлгөн продукция чет элдик аналогдордон дээрлик кем калбаган ата мекендик өндүрүштү колдошубуз керек. 1 миллиард сом уставдык капиталы менен «Кыргызиндустрия» ишканасы түзүлүп, мамлекеттик банктардын уставдык капиталы да жогорулатылды. Эгерде даяр бизнес-план болсо, аны ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярбыз», — деди ал.

Рахат Жунушбаева «HYUNDAY ELEVATORS KYRGYZSTAN» компаниясынын башкы директору жана «SKY INDUSTRIAL GROUP’тун» негиздөөчүсү. 2021-жылдын ноябрь айындагы партаменттик шайлоого Жунушбаева «Ынтымак» саясий партиясы менен барган.