«Пирамида» жана «Бешинчи каналдын» кызматкерлери маяна берилбей жатканын айтып даттанышты

Мамлекеттик «Пирамида» телеканалынын кызматкерлери үч айдан бери маяна албай иштеп жатышат. Бул тууралуу «Пирамиданын» кызматкери Рахматулла Кудайбердиев Фейсбук барагында жазды.

Журналист президент Садыр Жапаровго кайрылып, абалды көзөмөлгө алууну жана айлык алууга жардам берүүнү суранды.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, аткаруу бийлигинин азыркыдай каатчылык жүрүп жаткан мезгилде кабыл алган чечимдерине ыраазыбыз. Өзгөчө өсүмдүк майын 130 сомдон сатуу буйругун бергениңиз бизди абдан кубантты. Бирок, бизде тилекке каршы өсүмдүк майын жана башка азык-түлүктү сатып алууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Анткени жаңы жылдан бери айлык акыбыз берилбей жатат. Учурда Министрлер кабинетиндеги бюрократиялык тоскоолдуктардын айынан “Пирамиданын” кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү ачка отурат», — деп жазган ал.

«Пирамида» холдингинин директору Дооронбек Адаханов Kaktus Мedia’га маек куруп, маяна төлөө көйгөйү бар экенин моюндап, маселени «минкабдагылар» да билерин айткан. Анын айтымында, 2022-жылдын январында телеканал иштеген эмес, ал кызматкерлер эмгек өргүүсүндө болушкан.

«Кызматкерлер 2022-жылдын февралынан тартып иштей башташты — биз аларга аванс бергенбиз. Жакын арада каражат бөлүү маселеси чечилет деп ойлойм», — деди Адаханов.

Kaktus Мedia’нын маалыматына ылайык, «Бешинчи каналдын» кызматкерлери дагы үч айдан бери айлык алыша электигин айтып арызданышкан. «Бешинчи каналдын» журналисттери «Клооптун» кабарчысына февраль айына карата маяналарын да алыша электигин айтышты.

«Бешинчи каналдын» директору Алтынбек Бектуров Kaktus.media’га телефон аркылуу кызматкерлердин даттануусунан кабардар экенин гана айтып, бул боюнча башка комментарий берген эмес.