Бир видео менен: Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды

Ысык-Көл облусунда Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбук барагында билдирди.

Жапаровдун айтымында, жолдун Балыкчыдан Кочкорго чейинки бөлүгүн 1-2 жылда куруп бүтүрүү, ал эми Кара-Кечеге чейинки бөлүгүн андан кийин улантуу пландалууда.

«30 жыл ичинде республикабызда бир метр темир жол курмак түгүл, тескерисинче, 42 километр жолубузду жоготуптурбуз. Албетте өкүнүчтүү. Эми кайра узарта баштадык. Келечекте Кара-Кечеден ары Макмалга жана Жалал-Абадга жеткирип, бириктиребиз. Ошентип, түндүк-түштүк темир жолун ачабыз», — деп жазган Жапаров.

«Кыргыз темир жолу» ишканансынын басма сөз кызматынан темир жолдун курулушуна даярдык иштери жүрүп жатканын билдиришти: шагыл жана топо төгүү, дренаждык иштер. Ишканадан темир жол долбоору чоң мааниге ээ экенин, анткени ачылгандан кийин Кара-Кечеден көмүрдү түз эле Бишкек ЖЭБине жеткирсе болорун билдиришти.

Биринчи этапта узундугу 63 чакырымдык Балыкчы — Кочкор темир жолу курулмакчы.

2021-жылдын апрелинде «Кыргыз темир жолунун» мурдагы башчысы Василий Дашков орусиялык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Алар жолду куруу үчүн 12 жылдык мөөнөткө үстөк пайызы жок 22 миң тонна рельсти лизингге беришкен.

Ишкананын маалыматына ылайык, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолу келечекте пландалып жаткан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан маршруту менен да туташуусу мүмкүн.