Улуттук банк рубль жүгүртүүгө чыгарылды деген маалыматты четке какты

Улуттук банк Кыргызстанда орус рублу жүгүртүүгө чыгарылды деген маалыматты төгүндөдү.

Башкы банктан айрым маалымат каражаттарында өлкөдө рубль жүгүртүүгө киргизилет деген маалыматтар тараган деп билдиришти. Бирок конкреттүү редакциянын же макаланын атын так аташкан жок.

«Сом өлкөнүн бүтүндөй аймагында төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча кабыл алынууга милдеттүү болгон, бирден бир мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат. Өлкө аймагында эсептешүүлөр жана төлөмдөр улуттук валютада жүргүзүлөт. Төлөм валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныктала турган, экспорттолуучу жана импорттолуучу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин эске албаганда, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баа сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш», — деп билдиришти Улуттук банктан.

Мекемеден өлкөдө эсептөөлөрдү жана төлөмдөрдү Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте чет өлкө валютасына жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да каралганын белгилешти.

Рубль тууралуу ушак-кеп кайдан чыкты?

«17-мартта Евразия экономикалык комиссиянын кеңешинин отуруму болуп өткөн, анда Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо чаралары көрүлгөн. Көрүлгөн чараларда өз ара соода жүргүзүүнүн алкагында эсептешүүлөрдү ишке ашырууда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү каралган», — деп билдиришти Башкы банктан.

17-мартта орусиялык айрым маалымат каражаттары Орусиянын Экономика жана өнүктүрүү министри Максим Решетниковдун билдирүүсүн жарыялашкан. Ал «Россия 24» телеканалынын эфиринде ЕАЭБ өлкөлөрү «улуттук валюталарда эсептешүүгө акырындык менен өтүү тууралуу макулдашууга жетишишти» деп билдирген.

«Буга чейин эсептөөлөр чет элдик валютада жүргүзүлүп келген, эми баскыч-баскычы менен улуттук валютага өтүүгө келишишти», — деген ал. Ал ошондой эле «бирдиктүү рублдук аймак» түзүлгөнүн билдирген.

Бирок Казакстандын премьер-министринин басма сөз кызматы ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстан, Казакстан жана Армения импорттук бажы төлөмдөрүн мындан ары да доллар менен алууга келишкенин билдирген.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен казак тараптын варианты жактырылды: Россия Федерация жана Белоруска импорттук бажы төлөмдөрүн эсептөө жана бөлүштүрүүдө акча которгон банктын улуттук валютасы колдонула турган болду. Казакстанда, Армения жана Кыргызстанда иморттолгон товарлардын бажы төлөмдөрү буга чейинкидей эле доллар менен бөлүштүрүлүп, эсептелет», — деп айтылат маалыматта.

ЕАЭБ келишими уюмга мүчө-өлкөлөр бажы төлөмдөрүн чогултуп, бири-биринин бюджетие которуп туруусун камтыйт.

Мурда ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү өздөрүнүн бажы төлөмдөрүн АКШ доллары менен алышчу, бирок Украинадагы согуштан улам Орусияга эл аралык санкциялар киргизилгендиктен Орусия менен Белорусь үчүн бул мүмкүн эмес болуп калган.