Лейлекте жерлердин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткенин ачыктаган эки киши камакка алынды

Жактоочу Асылбек Кунгуров Саатбек Эгембердиев жана Бекжан Жалилов менен

Баткен облусунун Лейлек райондук соту Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев жана Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалиловду 3-апрелге чейин тергөө абагына киргизди. Бул тууралуу 24.kg басылмасына алардын жактоочусу Асылбек Кунгуров 27-мартта билдирди.

Кунгуров мамлекеттик кызматкерлер «коррупцияга» шектелип жатканын маалымдады. Ал эми Эгембердиев жана Жалилов менен чогуу кармалган Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев үй камагына чыгарылды.

Жактоочу шектүүлөрдүн бөгөт кою чарасы бир аптадан кийин кайрадан каралаарын кошумчалады.

Аткаминерлер 24-мартта Лейлек райондук прокуратурасына суракка чакырылгандан кийин кармалышкан. Баткен облусунун прокуратурасы шектүүлөргө «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айып тагылганын билдирген. Көзөмөл органдан шектүүлөрдүн үстүнөн 2021-жылдын август айында Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундарынан арыз түшкөнүн кабарлашкан.

Жалилов, Эгембердиев жана Абдуллаевдин тарапташтары 25-марттан тарта Раззаков шаарында нааразычылык акциясына чыгышууда. Жергиликтүү тургундар кармалгандарды бошотууну жана Баткен облусунун прокурору Нуркамил Набиевдин отставкасын талап кылышкан.

Ал эми 26-мартта облус прокурору Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асатов жаан Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Халмурзаев ээлеген кызматтарынан бошотулушганы белгилүү болду.

«Олигарх» Турабай Бостонов

Буга чейин журналист Ыдырыс Исаков Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Турабай Бостонов тууралуу үч иликтөө жарыялаган. Анда жергиликтүү тургундар Бостонов айыл өкмөт башчысы болуп турганда айыл элине бөлүнө турган жерлерди өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каттатып алганын айтып нааразы болушкан.

Ошондой эле тургундар Лейлек районундагы бийлик өкүлдөрү Бостонов менен тыгыз байланышта экенин, «анын этегине намаз окушарын» айтышкан. Мындан сырткары, иликтөөдө Бостоновду Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев «калкалап жатканы» да айтылган.

Иликтөөдө Бостонов иш жүзүндө Жаңы-Жердеги мал базарга, гараждарга, май куючу жайга, унаа токтотуучу жайга, кампа жана бала бакчага ээлик кылары айтылган — жалпысынан мурдагы аткаминер «55 объектти менчиктештирген».

*«Политклиника» басылмасынын маалыматына караганда, Турабай Бостоновдун үй-бүлөсү Арка айылындагы үч май куюучу жайга ээлик кылат. Ошондой эле журналисттер анын уулу Тыныбек Бостонов жана күйөө баласы Алмаз Айдаров Башкы прокуратурада иштегенин билдиришкен.

Жергиликтүүлөрдүн сөздөрүн Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бекжан Жалилов жана айылдык кеңештин төрагасы Саатбек Эгембердиев да тастыкташып, Бостоновго байланыштуу документтерди беришкен.

Ал эми Жогорку Кеңештин 17-мартындагы отурумунда депутат Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаров жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү маселеге көңүл бурууну өтүнгөн.

«Ошол жерден элдер кайрылып жатышат: “эй, Садыр Жапаров, Курманкул Зулушев — сенин бийлигин ошол жакка өтөбү?” деп. Баткендеги өкмөттүн өкүлү, прокурорлору барбы ошол жерде? Карап койбойсуңарбы? Ошол жердеги байкуш энелер ыйлап атышат, “Бостонов деген коррупционер Достук менен Аркадагы жердин баарын алып алды, балдарыбыз келип үй салганга мүмкүнчүлүгү жок, эртең чек араны ким коргойт” деп жатышат», — деген Түлөбаев.

23-мартта Башкы прокуратура Турабай Бостоновдун мыйзамсыз аракеттери боюнча териштирүү башталганын билдирген.