Лейлек: Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз менчиктештирүүнү айтып чыккандар кармалды

Бекжан Жалилов / Саатбек Эгембердиев. Скрин Ыдырыс Исаковдун иликтөөсүнөн алынды

24-мартта Баткен облусунун Лейлек райондук прокуратурасы тарабынан Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчылары Бекжан Жалилов, Саатбек Эгембердиев жана мекеменин учурдагы жооптуу катчысы Акжол Абдуллаев кармалды. Маалыматты 24.kg басылмасына Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Аялдар кеңешинин төрайымы Зулайка Турдуева билдирди.

Анын айтымында, кармалгандар буга чейин айыл өкмөттөгү мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу айтып чыгышкан болчу.

«Бул балдар биздин айыл өкмөттөгү мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүп келишкен. Эгерде буларга карата кылмыш иши болсо, анда мыйзам чегинде тергөө жүрүшү керек — Турабай Бостонов менен байланышы бар облустук прокурор Нуркамал Набиев кызматынан четтетилиши керек. Биз үч кызматкер Турабай Бостонов тууралуу айтып чыкканы үчүн кармалган деп эсептейбиз», — деди Турдуева.

*Буга чейин журналист Ыдырыс Исаков Лейлектеги кыргыз-тажик чек арасына чектеш Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Турабай Бостонов тууралуу үч иликтөө жарыялаган. Анда Бостоновду облус прокурору Набиев «калкалаганы» айтылган.

Ал эми Баткен облусунун прокурорунун орун басары Шергазы Кудайбердиев «Азаттыкка» маек куруп, учурда Башкы прокуратура тарабынан Набиевге карата кызматтык иликтөө жүрүп жатканын айтты.

Ошондой эле, Кудайбердиев кармалган мурдагы үч аткаминер «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип жатканын белгиледи.

Анын айтымында, шектүүлөрдүн үстүнөн 2021-жылдын август айында Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары арыз жазышкан.

«Тергөөнүн жүрүшүндө айыл аймакта курулган социалдык объектилерге курулуш экспертизасы дайындалган. Жыйынтыгында 2022-жылдын 24-мартында айыл аймактын тиешелүү кызматкерлери шектүү катары кармалды. Кармоонун мыйзамдуулугу сотто каралат», — деди Кудайбердиев.

Ал арада Жалилов, Эгембердиев жана Абдуллаевдин 50гө чукул тарапташтары прокуратуранын имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышты.

Сүрөт: 24.kg басылмасы

«Олигарх» Турабай Бостонов

Ыдырыс Исаков өз иликтөөсүндө Жаңы-Жер айылынын тургундарынан маек алган. Анда жергиликтүүлөр Турабай Бостонов айыл өкмөт башчысы болуп турганда айыл элине бөлүнө турган жерлерди өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каттатып алганын айтып нааразы болушкан. Жер алгандардын арасында Бостоновдун Өзгөн райондук прокуратурасында иштейт делген күйөө баласы Алмазбек Айдаровдун аты да аталган.

Журналист Турабай Бостонов жерлерден сырткары иш жүзүндө Жаңы-Жердеги мал базар, гараждар, май куючу жай, унаа токтотуучу жай, кампа жана бала бакчага ээлик кыларын айткан — жалпысынан мурдагы аткаминер «55 объектти менчиктештирген».

Ошондой эле тургундар Лейлек районундагы бийлик өкүлдөрү Бостонов менен тыгыз байланышта экенин, «анын этегине намаз окушарын» айтышкан. Мындан сырткары, иликтөөдө Бостоновду Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев «калкалап жатканы» да айтылган.

Тургундар айткан фактыларды Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчылары Бекжан Жалилов жана Саатбек Эгембердиев да тастыкташып, иликтөөчүгө Бостоновго байланыштуу документтерди беришкен.

Ал эми Жогорку Кеңештин 17-мартындагы отурумунда депутат Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаров жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү маселеге көңүл бурууну өтүнгөн.

«Ошол жерден элдер кайрылып жатышат: “эй, Садыр Жапаров, Курманкул Зулушев — сенин бийлигин ошол жака өтөбү?” деп. Баткендеги өкмөттүн өкүлү, прокурорлору барбы ошол жерде? Карап койбойсуңарбы? Ошол жердеги байкуш энелер ыйлап атышат, “Бостонов деген коррупционер Достук менен Аркадагы жердин баарын алып алды, балдарыбыз келип үй салганга мүмкүнчүлүгү жок, эртең чек араны ким коргойт” деп жатышат», — деген Түлөбаев.

23-мартта Башкы прокуратура Турабай Бостоновдун мыйзамсыз аракеттери боюнча териштирүү башталганын билдирген.

Турабай Бостоновдун ысмы буга чейин дагы журналисттик иликтөөдө айтылган. 2021-жылы «Политклиника» басылмасынын журналисттери Турабай Бостоновдун үй-бүлөсү Арка айылындагы үч май куюучу жайга ээлик кылганын аныкташкан. Ошондой эле анын уулу Тыныбек Бостонов жана күйөө баласы Алмаз Айдаровдун Башкы прокуратурада иштегени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткендеги күйүүчү май аткезчилиги: ИИМ, УКМК жетекчилеринин жана депутаттардын изи