Баткенде жер чырынан улам үч прокурор кызматынан алынды

Курсан Халмурзаев / Нуркамал Набиев / Жуманазар Асатов

Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев, Лейлек районунун прокурору Жуманазар Асатов жаан Сүлүктү шаарынын прокурору Курсан Халмурзаев ээлеген кызматтарынан бошотулушту. Бул тууралуу «Азаттыкка» Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан 26-мартта кабарлашты.

Прокурорлор Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүндөгү жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү чырынын шартында кызматтан алынды.

Буга чейин журналист Ыдырыс Исаков Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Турабай Бостонов тууралуу үч иликтөө жарыялаган. Анда жергиликтүү тургундар Бостонов айыл өкмөт башчысы болуп турганда айыл элине бөлүнө турган жерлерди өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө каттатып алганын айтып нааразы болушкан.

Мындан сырткары, иликтөөдө Бостонов иш жүзүндө Жаңы-Жердеги мал базарга, гараждарга, май куючу жайга, унаа токтотуучу жайга, кампа жана бала бакчага ээлик кылары айтылган — жалпысынан мурдагы аткаминер «55 объектти менчиктештирген».

*«Политклиника» басылмасынын маалыматына караганда, Турабай Бостоновдун үй-бүлөсү Арка айылындагы үч май куюучу жайга ээлик кылат. Ошондой эле журналисттер анын уулу Тыныбек Бостонов жана күйөө баласы Алмаз Айдаров Башкы прокуратурада иштегенин билдиришкен.

Жергиликтүүлөрдүн сөздөрүн Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бекжан Жалилов жана айылдык кеңештин төрагасы Саатбек Эгембердиев да татастыкташып, Бостоновго байланыштуу документтерди беришкен. Ошондой эле иликтөөдө Бостоновду Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев «калкалаганы» айтылган.

23-мартта Башкы прокуратура Турабай Бостоновдун мыйзамсыз аракеттери боюнча териштирүү башталганын билдирген. Ал эми эки күндөн кийин күч органдары Жаңы-Жердеги мыйзамсыз аракеттер тууралуу айтып чыккан Жалилов менен Эгембердиевди, ошондой эле Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Акжол Абдуллаевди кармап кетишкен.

Баткен облусунун прокурорунун орун басары Шергазы Кудайбердиев кармалгандар «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип жатканын билдирген. Ал арада кармалгандардын 50гө чукул тарапташтары Раззаков шаарындагы Лейлек райондук прокуратурасынын имаратынын алдына нааразычылык акциясына чыгышкан.

Лейлек райондук соту 26-мартта Жалилов жана Эгембердиевди 3-апрелге чейин камакка алды. Ал эми жооптуу катчы Абдуллаев үй камагына чыгарылды.