«Адилет сот» мекемесиндеги коррупция: Айыпталуучулардын бири 260 миң сом айыпка жыгылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-мартта Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» IT-мекемесиндеги коррупция боюнча айыпталуучулардын бирине өкүм чыгарды. Ага ылайык, «Электросвязь-Сервис» ЖЧКсынын өкүлү «А.Э.А.» күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылды.

Өкүмдөгү маалыматка караганда, 2019-жылдын июль айында «Адилет сот» мекемеси «соттук отурумдарда аудио жана видеофиксациялоо, соттук чечимдерди даярдоо процессин автоматташтыруу» үчүн керектелген жабдууларды сатып алууга тендер жарыялган.

Ошол учурда айыпталуучу «А.Э.А.», «Электросвязь-Сервис» компаниясынын директору Азимбек Өмүралиев, «Адилет сот» мекемесинин жетекчиси Александр Юрьев жана Сот департаментинин статс-катчысы Сталбек Калмаков менен алдын ала макулдашып, жеке ишканасын тендерге катыштырат. Ал эми 2019-жылдын ноябрь айында «Электросвязь-Сервис» аталган фирма тендердин жеңүүсү деп табылат. Эки тарап 112 млн сомдук келишим түзгөн.

Ал эми 2019-жылдын декабрь айында Юрьев Өмүралиев менен байланышка чыгып, анын компаниясы тендерден утуп чыкканы үчүн 10 миң доллар талап кылат. Өмүралиев «А.Э.А.» менен макулдашып, аталган каражатты Юрьевге өткөрүп берген — тергөө бул акча Юрьев менен Калмаковдун ортосунда бөлүштүрүлгөнүн аныктаган.

Көп өтпөй Сот департаменти жабдуулар үчүн «Электросвязь-Сервис» ЖЧКсынын эсебине 54 млн сом которгон. Ал эми тергөө компаниянын жабдуулардын баасын негизсиз жогорулатып, мамлекетке 13 млн 410 миң сом зыян келтирилгенин аныктаган.

Териштирүү маалында айыпталуучу «А.Э.А.» тергөө менен кызматташууга барып, башка шектүүлөргө каршы көрсөтмө берген. Ал эми сот аны «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салды.

Сот департаментиндеги коррупция

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2021-жылдын февраль айында «коррупциялык схемага аралашкан» деген шек менен «Адилет сот» мекемесинин жетекчисин кармаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2018-жылы Сот департаментинин кызмат адамдары «Сот системасынын карызкорлорунун реестри» маалыматтык системасын иштеп чыгуу үчүн 2,3 млн сомдук жасалма тендер өткөрүшкөн. Атайын кызмат бул система буга чейин «Адилет соттун» кызматкерлери тарабынан ишке киргизилип, андан соң «Кыргызпатент» мекемесинен каттоодон өткөргөнүн маалымдаган.

«Буга карабастан, Сот департаментинин кызматкерлери IT-компаниясынын өкүлү менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, иштеп жаткан программаны иштеп чыгуу үчүн жасалма келишим түзүшкөн, ал эми акча каражаттары коррупциялык схеманын катышуучулары тарабынан уурдалган», — деп түшүндүрүшкөн УКМКдан.

Көп өтпөй күч органдары бул иштин алкагында Сот департаментинин статс-катчысы Калмаковду кармашкан. УКМК зыяндын өлчөмүн тактап, шектүүлөр 4,1 млн сом ыйгарып алганын билдирген.

Андан мурдараак, 2020-жылдын ноябрь айында УКМК «Адилет соттун» жетекчиси, экс-судья Аида Тилекееваны жана «Бизнес жана инновациялар борбору» IT-компаниясынын жетекчиси Александр Задорожныйды кармаган. Аларга «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке ашыруудагы коррупция боюнча айып тагылган.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бул ишке Жогорку соттун мурдагы төрайымы Гүлбара Калиеванын да тиешеси бар экенин билдирген. Мындан улам Калиева карата «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2021-жылдын март айында Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясы аны жоопкерчиликке тартууга уруксат берген.