Жогорку соттогу коррупция иши: Экс-судья Аида Тилекеева кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Биринчи май райондук сотунун мурдагы судьясы Аида Тилекееваны коррупция жана кызматтык сыр болгон маалыматтардын сыртка чыгып кетүүсүнө байланыштуу иш боюнча кармады. Бул тууралуу күч түзүмдөрүнөн Kaktus.media басылмасына билдиришти.

«Соттор кеңешинин алдындагы тартиптик комиссиянын мүчөсү өткөн жуманын башында кармалган. Ал коррупция жана сот органдарына “Жергиликтүү сот” автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана колдонууга берүүдө маалымат купуялуулугун сактабагандыгы боюнча суралып жаткан. Ошол учурда ал Жогорку сотто эксперт катары иштечү деп божомолдонууда», — деп билдиришти атайын кызматтан.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери бул ишке тиешеси бар адамдарды издөөнү улантып жатат.

Коррупция жана маалыматтардын сыртка чыгып кетүүсү

Октябрда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку соттун кызмат адамдары менен «ЦБИ» IT-компаниясынын кызматкерлеринин ортосунда коррупциялык схеманы аныктаганын билдирген.

УКМКнын маалыматы боюнча, Евробиримдик 2016-жылы «Жергиликтүү сот» аттуу автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө грант бөлүп берген. Ал системаны «ЦБИ» компаниясы түзмөк.

Тергөөнүн версиясына ылайык, компаниянын башчысы Жогорку соттун жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп алып акчалардын бир бөлүгүн өздөрүнө ыйгарып алып, иштебеген жана эскирген программаны берип коюшкан. Ошол эле учурда программа дагы деле баланска алына элек жана 2020-жылдын ноябрында техникалык колдоосуз калат.

УКМКнын атайын комиссиясы «ЦБИ» компаниясы «Жергиликтүү сот» чөйрөсүнө кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондуктан, Мамлекеттик каттоо кызматынын кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген маалымат базасынын «ЖААК», «Паспорт» жана «Дарек-маалымат бюросу» системаларынан маалыматтардын сыртка чыгып кеткенин аныктаган.

Атайын кызмат кылмыш кылууга шектөө менен «ЦБИнин» жана Жогорку сотко караштуу «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар мекемесинин жетекчилерин кармап, УКМКнын ТИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизген.