Ысык-Көлдө куралдуу каракчылыкка шектелип эки адам кармалды

14-декабрда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда май куюуучу жайды карактоого шектелип 28 жаштагы киши жана 16 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББнын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов «Клоопко» билдирди.

Усубакуновдун айтымында, 14-декабрда Жети-Өгүз РИИБне Саруу айылынын тургуну куралчан үч үч бала май куюуучу жайдын операторун курал менен корткутуп, 1000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кеткени тууралуу арыз жазган.

Милиция кызматкерлери ыкчам тергөө иш аракеттеринин натыйжасында, изин суутпай кылмышка шектүү катары Дархан айылынын эки тургунун кармады. Алардын бири 16 жаштагы өспүрүм. Ал эми кылмышка шектелген үчүнчү шектүү ошол эле айылдын 26 жаштагы тургуну экени белгилүү болду. Учурда ага издөө жарыяланды.

Бул факты КЖБРне «Каракчылык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды. Тергөө уланууда.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Видео: Кара-Сууда жергиликтүү ишкерге куралдуу кол салууга шектелгендер кармалды

Бишкекте оюнчук тапанча менен банкты тоноого аракеттенген чет элдик кармалды