Электрошокер, бычак. Ош шаарында кыздарды тоноого шектелип беш киши кармалды

Ош шаарындагы Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тоноо менен алектенген беш кишини кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 4-мартта билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 11-сентябрында милицияга 19 жаштагы кыз чогуу жашаган шериги экөөнү бейтааныш алты киши тоноп кеткенин айтып арыз жазган.

Жабырлануучу түнкү саат 12де үйүнө кирип келген кишилер электрошокер жана бычак менен коркутуп беш уюлдук телефон, эки кол саат, чач кургатуучу фен, кийим-кечек жана 2 500 сом тоноп кеткенин айткан. Арыз ээси тоногондордун үчөө кыз экенин белгилеген.

Милиция бул факты боюнча «Тоноо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 28-февралда кылмышка тиешеси бар беш кишини кармаган.

Алардын үчөө Өзгөн районунун, бирөө Кара-Суу районунун, дагы бирөө Баткен районунун тургуну болуп чыкты. Шектүүлөрдүн эң кичүүсү 18 жашта, эң улуусу 22 жашта.

Шаардык милиция шектүүлөрдүн бардыгы эч жерде иштебей турганын белгиледи. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын 1-февралында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы алтын өндүрүүчү компанияны тоноого шектелип калмыштуу топ кармалган.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-ноябрында саат 02:30да кен казуучу компанияга беткап жана колкапчан кишилердин тобу бастырып кирген. Кол салууга алар алдын ала даярдалган таяктарды жана ок атуучу куралдарды көтөрүп келишкен.

Алар компаниянын башка кызматкерлерине да кол салып, сабап, аркан менен байлап, телефондорун талкалап, 20 миң сом акчасын уурдап кетишкен. Кылмыш ишине шектелип Ала-Бука районунун 30 жаштагы Ч.Б., 27 жаштагы Т.С. жана 26 жаштагы М.Ж. аттуу тургундары кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Ала-Букада алтын өндүргөн ишканадан 2 кг алтынды тоноого шектелип үч киши кармалды