Бишкекте тапанча менен коркутуп тоноочулук кылган эки киши кармалды

Бишкектин Биринчи май РИИБнин басма сөз кызматы куралдуу каракчылыкка шектелген эки киши кармалганын кабарлады. Шектүүлөр Абай көчөсүндөгү батирлердин бирине бастырып кирип, жаш кызга курал такап, үйүн тоноп кетишкен.

Маалыматка караганда, окуя 13-март күнү, түнкү саат 02:30 чамасында болгон. Түн жамынып кирип курал менен коркутуп тоноп кеткен адамдарга чара көрүүнү өтүнүп Бишкектин тургуну арыз жазган.

«Куралчан белгисиз адамдар жабырлануучунун 15 миң сом акчасын iPhone 5s, Philips маркасындагы эки уюлдук телефонун алып, из жашырып кеткен», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Милициядан факты боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 23 жана 24 жаштагы эки киши кармалганын белгилешти. Аны менен катар, шектүүлөрдүн жанынан төрт уюлдук телефон, капчык жана бир травматикалык тапанча табылганын кошумчалашты.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө уланууда.

Үстүбүздөгү жылдын 1-февралында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы алтын өндүрүүчү компанияны тоноого шектелип калмыштуу топ кармалган. Беткап жана колкапчан кишилердин тобу 2021-жылдын 8-ноябрында саат 02:30да кен казуучу компанияга бастырып кирген. Кол салууга алар алдын ала даярдалган таяктарды жана ок атуучу куралдарды көтөрүп келишкен.

Алар компаниянын башка кызматкерлерине да кол салып, сабап, аркан менен байлап, телефондорун талкалап, 20 миң сом акчасын уурдап кетишкен. Кылмыш ишине шектелип Ала-Бука районунун 30 жаштагы Ч.Б., 27 жаштагы Т.С. жана 26 жаштагы М.Ж. аттуу тургундары кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.