Өлкөдө жетим балдардын пенсиясы 6000 сомго көтөрүлдү

Өлкөдө томолой жетим жана жарым жетим балдардын пенсиясы көтөрүлдү. Бул тууралуу басма сөз жыйында Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Ал 1-январдан тартып ата же энесинен ажыраган балдардын социалдык пенсиясы 1500 сомдон 2000 сомго, ал эми томолой жетим балдардыкы 3000 сомдон 6000 сомго көбөйтүлгөнүн айтып берди.

2021-жылдын сентябрында президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 1-октябрынан жана 2022-жылдын 1-январынан тартып «Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» жарлыкка кол койгон.