Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 28-мартта бүткүл дүйнөдөгү, анын ичинде Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасын жарыялады.
«Клооп» документтеги кыргызстандыктарга тиешелүү урунттуу учурларды айтып берет.
Кыргызстан тууралуу
Кыргызстандын адам укуктары тармагындагы негизги көйгөйлөрү: аялдарга карата зордук-зомбулук, майыптыгы бар адамдарга карата дискриминация, тынч чогулуштарды чектөө жана пикирин билдиргендерди куугунтуктоо. Мындан тышкары, милиция жазага тартылбасын билип бардык жерде кыйноо жана башка ырайымсыз мамиленин түрлөрүн колдонгон.
Аялдарга карата зомбулук
2021-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук «кең мүнөздүү» болгон. Жабыркагандар кол салгандардан экономикалык жактан көз каранды болгондуктан жана кепке калуудан корккондуктан милицияга көп деле кайрылышкан эмес.
Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жалпы статистика жүргүзүлгөн эмес, ал эми бул тууралуу сандар мекемелерде ар башка болгон.
Майыптыгы бар аялдарга үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганына арыздануу алда канча оор болгон.
2022-жылдын февралында кыргыз ИИМи өткөн жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталганын билдирген.
Тема боюнча окуңуз: Жалал-Абадда майып кызды таенеси сабаганын моюндады, бирок таятасы зордуктаган эмес — ИИМ
Жаңы Конституция
Укук коргоочулар Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы жана ЕККУ Кыргызстандын жаңы Конституциясында «президенттин ролу өтө кеңейгенине», парламентаризмдин ролу азайганына жана «сот системасына кийлигишүү күчөп кетиши ыктымалдыгына» тынчсыздануусун билдиргенин эске салышты. Жаңы Конституция 2021-жылдын майында күчүнө кирген.
Тынч чогулуштарга чектөө коюу
Колдонуудагы Конституциянын 10-беренеси Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келген иш-чаралар» чектелиши мүмкүн деп жазылган. Ошол эле учурда, булар кандай баалуулуктар экени негизги мыйзамда так айтылган эмес.
2021-жылы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес субъектилер жаңы Конституцияга каршы тынч чогулушка чыккандарды коркутушкан.
Ошондой эле өткөн жылдын апрель айында 200гө жакын белгисиз адам аялдардын зомбулугуна каршы митингди үзгүлүккө учуратышкан. Милиция тынч чогулушка чыкандарды коргош үчүн эч бир чара көргөн эмес.
Журналисттер менен активисттерди куугунтуктоо
2021-жылы Кыргызстанда журналисттер жана активисттер куугунтуктоого, коркутууларга, айрым учурда — негизсиз эле кылмыш куугунтугуна кабылышкан.
Мисалы, активист Тилекмат Күрөновго карата кылмыш иши, «Апрель» телеканалынын журналисти Канат Каниметовду УКМКда суракка алуу жана бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жалган-жалаа жапты деп «Азаттык» жана «Клооп» басылмаларынын үстүнөн сотко даттануу.
Ал эми август айтында президент Садыр Жапаров «Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоону жөнүндөгү» мыйзамга кол койгон, аны [мыйзамды] укук коргоочулар сынга алышкан.
Кыйноо жана жазасыз калуу
2021-жылы укук коргоо орган кызматкерлеринин кыйноолору жана ырайымсыз мамилелердин башка түрлөрү мурдагыдай кеңири масштабдуу болуп, натыйжасыз иликтенген.
«Кыйноолорго каршы коалициянын» изилдөөсүнө ылайык, жабырлануучулардын 35%ы шектүү катары сурак учурунда, 28%ы күбө катары суралып жатканда жана 24%ы милиция кызматкерлери алардын өздүгүн тактап жатканда кыйноого кабылышкан.
Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун түзөтүү мекемесинде каза тапканы бүгүнкү күнгө чейин иликтенип бүтө элек.
Баяндамада дагы эмнелер айтылган?
Дүйнөнүн бай өлкөлөрү жана ири корпорациялары иш жүзүндө дүйнөлүк теңсиздикти курчутуп жиберишкен.
«2021-жыл айыктыруу жана калыбына келтирүү жылы болуш керек эле. Анын ордуна ал 2021 же 2022-жылдары эле эмес, алдыдагы он жылдыкта дагы теңсиздиктиктин жана туркусуздуктун башатына жол салды», — дейт Amnesty International’дын башкы катчысы Аньес Калламар.
2021-жылы COVID-19га каршы вакцина жетиштүү түрдө өндүрүлгөн, бирок кирешеси аз өлкөлөрдө 4%га жетпеген гана калк эмдөөдөн өткөн. Ага бай өлкөлөр вакцинанын өтө көп корун, башка мамлекеттер менен бөлүшпөй камдап алгандыгы себеп.
Айрым саясатчылар коронавирус тууралуу фейк маалыматтарды таратышкан, ал эми соцтүйүндөр буга жакшы аянт болуп берген.
Эл аралык коомчулук Ооганстан, Мьянма жана башка өлкөлөрдөгү көп жылдан бери созулуп, жөнгө салынбай келе жаткан жана жаңы конфликттерге анчейин реакция кылбай жатат.
«Бул уятсыз аракетсиздик жана жоопкерчиликсиздик [...]эл аралык укуктук ченемдерди одоно бузуу менен Орусиянын Украинага кол салышына алып келди», — деп билдирди уюм.