Жалал-Абадда майып кызды таенеси сабаганын моюндады, бирок таятасы зордуктаган эмес — ИИМ

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: «Азаттык» басылмасы

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында майып небересин сабоого айыпталган таене кылганын моюндады. Бирок ИИМдин басма сөз кызматы «таятасы кызды зордуктаган эмес» деп билдирди.

«Алгачкы текшерүү учурунда 25 жаштагы майып кыз өз көрсөтмөсүндө таятасы тарабынан эч кандай зордуктоо болбогонун билдирди. Агасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн учурда, “сени таятам зордуктады беле?” деген суроосунда түшүнбөстөн, “ооба” деп жооп бергенин айтты», — деп жазылат ИИМдин маалыматында.

Милицияга 7-февралда таене жана таятасынын үстүнөн Алтынбек Артыкбек уулу даттанган. Ал бул тууралуу кайрылуу да жасап, таенеси карындашын ур-токмокко алып жүргөнүн, ал эми таятасы аны зордуктаганын айтып, чара көрүүнү суранган.

Арыз жазылган күнү Тогуз-Торо райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адиси менен биргеликте арызда көрсөтүлгөн дарекке барышкан.

Кыздын таенеси небересинин Бишкекке кетүүсүнө каршы болуп, бир нече жолу кол көтөрүп, тепкенин ырастаган. ИИМдин маалыматы боюнча, майып кыз өз көрсөтмөсүндө бул окуяга чейин таенеси урбаганын, бирок спирт ичимдигин ичкен учурларда сөз менен тилдеп келгенин белгилеген.

Ошол эле күнү жабырлануучуну ооруканага алып барып текшертишкен. Милициядан жыйынтыгында зордуктоо фактысы аныкталган эмес дешти. 

«Дарыгерлер менен бирге текшерүү учурунда кыздын денесинде [жыныстык мүчөсүндө] жаракаттар аныкталган эмес», — деп кошумчалаган ИИМ.

Окуя «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен катталды. Анткен менен министрликтен сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү экспертизалар дайындалганын белгилешти.

Ал эми Алтынбек Артыкбек уулунун жактоочусу Шердор Абдукапаров «Клоопко» майып кыздын зордукталып-зордукталбаганын аныктоо үчүн көз карандысыз экспертизага кайрылышарын билдирди.

«Биз учурда кызды Бишкекке алып келүүгө камынып жатабыз. Анын таятасы тарабынан кордолуп жүргөнүн жакынкы күндөрү ачыктайбыз. Анткени бул окуяда дагы башка жагдайлар бар», — деди жактоочу.

Артыкбек уулу «7-каналга» курган маегинде карындашынын эки буту тубаса майып болгондуктан борборго алып келип дарылатууну ниет кылып жатканын айткан.

«Карындашымдын жашы 25ке келип калгандыктан, ага шарты менен үй керек. Анын жашоо-шартын барып өз көзүм менен көргөндөн кийин ушундай чечимге келгем. Анын үстүндөгү кийими да кир, аны жууп берген деле киши жок. Таенемдер карындашыма берилип жаткан жөлөк пулду эле кызганып жатышат деп ойлойм», — деп кейиген Артыкбек уулу.

Тема боюнча:

Жалал-Абад: Таятасы зордуктап, таенеси кордоду делген майып кыздын окуясы териштирилүүдө