Парламент өкмөт башчынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды

Бакыт Төрөбаев

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-марттагы отурумда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызмат ордуна Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрөбаевдин талапкерлигине 68 депутат «макул» болду, каршылар чыккан жок.

Ал эми Төрөбаев өзү кызматка барууну президент Садыр Жапаров сунуштаганын белгилеп, депутаттарга ыраазычылык билдирди. Андан тышкары, мамлекетке акча түшүрө турган «иштей турган долбоорлор болсо иштешүүгө даяр» экенин айтты.

«Азыркы өкмөттө эки күн иштеп калдым, жаңылыктарды байкадым, өзгөчө кырдаалдар министри болгонумда башкача болчу. Азыркы өкмөттө чечим кабыл алуу өтө тез экен. Кагаздар мурдагыдай бир нече ай жатпайт экен [...] Ошондуктан сиздерден сураныч: бизди колдоп, реалдык сектор багытында иштейбиз — ошол жактан долбоорлор болсо мен иштегенге даярмын», — деди Төрөбаев.

28-мартта президент Садыр Жапаров Төрөбаевди минкаб башчысынын орун басарынын м.а. кылып дайындаган. Ал эми 29-мартта Төрөбаевдин талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жактырган.

Буга чейин бул кызматты Азиз Аалиев аркалаган — ал Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.

Бакыт Төрөбаев — 2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаты болгон. Кийин өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган. 2010-жылы парламентке «Республиканын» катарында шайланган. Ал эми парламентке келгенге чейин «Мариям» ун комбинатын жетектеген.

Ал эми 2021-жылы Жогорку Кеңешке Төрөбаев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы менен келип, фракциянын лидери болгон.