Жогорку Кенештин тармактык комитети Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук боюнча комитетинин 29-марттагы жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды.

Эми Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин сессиясында каралат. Колдоо тапса, президентке кол коюуга жөнөтүлөт.

Жыйынга келген депутаттар Төрөбаевге доллардын курсунун кайра түшүп жатканын айтып, кымбаттаган азык-түлүк жана башка товарлардын баасын кайра ордуна келтирүү үчүн көрүлчү чаралар тууралуу суроо узатышты.

Ал эми Бакыт Төрөбаев доллардын баасы түшкөндөн кийин кандай товар болбосун баасы ордуна келиши керек экенин белгилеп, жыйында айтылган маселелерди көзөмөлгө ала турганын билдирди.

«Кандай товар болбосун базарда болобу, маркеттерде болобу баасы ордуна келиш керек. Доллар түшүп жатат, бул маселени сөзсүз эске алабыз. Ошондой эле коңшу мамлекеттер менен тыгыз иштешебиз. Мен эки күндөн бери карап атам. Бизге IT адистери келип атат. Ошолорго жакшы шарттарды түзүп берели деп атабыз», — деди ал.

28-мартта президент Садыр Жапаровдун буйругу менен «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Буга чейин бул кызматты Азиз Аалиев аркалаган — ал Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.

Бакыт Төрөбаев — 2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаты болгон. Кийин өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган. 2010-жылы парламентке «Республиканын» катарында шайланган. Ал эми парламентке келгенге чейин «Мариям» ун комбинатын жетектеген.

Төрөбаев 2012-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясын негиздеген. Мындан улам ал 2013-жылы «Республика» фракциясынын тизмесинен чыгарылып, көп өтпөй вице-спикерликти да тапшырууга аргасыз болгон.

Ал эми 2015-жылы шайлоодо Төрөбаевдин «Өнүгүү-Прогресс» партиясы Жогорку Кеңеште 13 мандатка ээ болгон.

Ошондой эле, Төрөбаев 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан. Бирок көп өтпөй талапкер Өмүрбек Бабанов менен тандем түзүп, анын пайдасына шайлоого катышуудан баш тарткан.

Ал эми 2021-жылы парламенттик шайлоодо Бакыт Төрөбаев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде экинчи орунда турган.