Шайлоо-2021: «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын алдын ала тизмеси жарыяланды

Бакыт Төрөбаев / Айбек Маткеримов (УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен) / Бек Борбиев / Таалайбек Сарыбашов / Надира Нарматова / Турсунбай Бакир уулу

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясы курултай өткөрүп 54 талапкерден турган тизмесин бекитти. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык «Регион ТВ» телеканалы 10-октябрда маалымдады.

«Ата-Журт Кыргызстанды» Камчыбек Ташиев жана президент Садыр Жапаров негиздеген «Мекенчил» партиясынан талапкер болгон Айбек Маткеримов жетектеп барат.

Ошондой эле «Ата-Журт Кыргызстанга» Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан», «Республика — Ата-Журт» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын бир нече депутаты өткөн.

«Региондун» мурдагы кызматкери жана Ташиевдин тарапташы Акниет Кеңешов фейсбук баракчасында «Ата-Журт Кыргызстандын» алдын ала тизмесин жарыялады.

  • Айбек Маткеримов — партиянын төрагасы, мурда «Мекенчилден» талапкер болгон, «Ата-Журттан» жергиликтүү кеңешке депутат болгон;
  • Бакыт Төрөбаев - Жогорку Кенештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын төрагасы;
  • Равшан Сабиров — президенттин кеңешчиси, экс-вице-премьер-министр;
  • Жамиля Исаева — өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун мурдагы орун басары;
  • Таалайбек Сарыбашов — Ош жана Бишкек шаарларынын мурдагы мэри;
  • Замирбек Эсенаманов — Жогорку Кеңештин депутаты («Кыргызстан»);
  • Жеңишбек Токторбаев — «Шермухамед» ЖЧКсынын аткаруучу директору;
  • Надира Нарматова — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты («Ата-Журт»);
  • Жайлообай Нышанов — президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамы болгон;
  • Кубанычбек Кадыров — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Чындык» партиясынын лидери;
  • Талайбек Масабиров — Жогорку Кеңештин депутаты («Кыргызстан»);
  • Камила Талиева — Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана мурдагы маданият министри;
  • Каныбек Нарбаев — Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин экс-директору;
  • Пархат Түлендыбаев — Жогорку Кеңештин депутаты («Республика — Ата-Журт»);
  • Турсунбай Бакир улуу — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  • Гүлсүнкан Жунушалиева — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академисынын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору;
  • Берадор Борбиев (Бек Борбиев) — ырчы, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, мурдагы шайлоодо «Мекеним Кыргызстандан» талапкер болгон;
  • Бахтияр Кадыров — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, БШКнын экс-мүчөсү;
  • Жаныбек Исаев — Жогорку Кеңештин депутаты («Кыргызстан»);
  • Гүлшаркан Култаева — Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты;
  • Фархат Исмаилов — «Алай Инвест» компаниясы жана «Ай-Балта» күзөт агенттигинин ээси;
  • Бактыяр Калпаев — өкмөттүн Баткен облусунун мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, мурдагы шайлоодо «Мекенчилден» талапкер болгон;
  • Рустам Саякбаев — «Профит-Экспресс» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү;
  • Кристина Босивская — журналист жана Кыргыз-орус славян университетинин окутуучусу;
  • Мохидил Умарова — ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок;
  • Саидбек Зулпуев — Банкты кайра уюштуруу жана карызды реструктуризациялоо агенттигинин экс-директору (ДЕБРА);
  • Самат Исманов — Жогорку Кеңештин депутаты («Республика — Ата-Журт»);
  • Жамиля Жаманбаева — Башкы прокурордун мурдагы орун басары;
  • Шүкүрбек Эрекбаев — «Республика — Ата-Журт» жана «Ата-Журтум Кыргызстан» партияларынын негиздөөчүлөрүнүн бири;
  • Элдар Сулайманов — Ош шаардык кеңешинин депутаты;
  • Абдыбахаб Боронбаев — Түндүк Чыгыш бажысынын экс-башчысы. Ал үстүбүздөгү жылдын февраль айында бажы кызматынын экс-төрага орун басары Райымбек Матраимов менен коррупциялык схемаларды түзүүгө күнөөлүү деп табылып, 260 миң сомдук айыпка жыгылган;
  • Нүргүл Усеинова — Сокулук айылдык кеңешинин депутаты;
  • Мейкинбек Абдалиев — Жогорку Кеңештин депутаты («Өнүгүү-Прогресс»);
  • Арсланбек Эгембердиев — «АККА-Петролеумдун» туунду компанияларынын биринин башкы директору;
  • Нурлан Батыров — жеке ишкер;
  • Жылдыз Садырбаева — «Фарма Мир» компаниясынын негиздөөчүсү;
  • Чынберди Төлөнов — Ош аэропортунун директорунун мурдагы орун басары,
  • Фархад Бекманбетов — маданият, маалымат жана туризм министринин экс-орун басары;
  • Алишер Козуев — «Россия Нефть» ЖЧКсынын башкы директору;
  • Шарийпа Молдалиева — ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок;
  • Баатырбек Аманалиев — «Бикарго» ЖЧКсынын жетекчиси;
  • Канатбек Маматов — Кыргыз футбол кеңешинин мурдагы башчысы;
  • Жаныбек Кыдыкбаев — жеке ишкер;
  • Валерия Попель — Бишке мэриясынын алдындагы кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун мурдагы кызматкери;
  • Досмухамед Раимбердиев — Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы;
  • Наталья Угрюмова — Кыргыз футбол кеңешинин маалымат катчысы;
  • Мирбек Үмөталиев — ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок;
  • Бактыгүл Сарысейитова — ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок;
  • Абдилла Абдибапов — Жогорку Кеңештин депутатынын мурдагы кеңешчиси;
  • Максатбек Ибраимов — Өзгөн районуна караштуу Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Елена Пак — «Кыргызстандын психологдорунун ассоциациясы» коомдук уюмунун төрайымы;
  • Айканыш Замирбекова — ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок;
  • Мадина Жамишбаева — ачык булактардан маалымат табууга мүмкүн болгон жок ;
  • Керимберди Макеев — «АККА» компаниялар тобунун директорлор кеңешинин мүчөсү.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык шайлоо аралаш система менен өтөт — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округ менен. Партиядагы талапкерлер «ачык тизме» менен шайланышат.