Бакыт Төрөбаев өкмөт башчынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бакыт Төрөбаев. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткарат. Бул тууралуу 28-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мекемеден Төрөбаевдин талапкерлиги макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилгенин кошумчалашты.

Буга чейин бул кызматты Азиз Аалиев аркалаган — ал Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.

Бакыт Төрөбаев — 2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаты болгон. Кийин өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган. 2010-жылы парламентке «Республиканын» катарында шайланган. Ал эми парламентке келгенге чейин «Мариям» ун комбинатын жетектеген.

Төрөбаев 2012-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясын негиздеген. Мындан улам ал 2013-жылы «Республика» фракциясынын тизмесинен чыгарылып, көп өтпөй вице-спикерликти да тапшырууга аргасыз болгон.

Ал эми 2015-жылы шайлоодо Төрөбаевдин «Өнүгүү-Прогресс» партиясы Жогорку Кеңеште 13 мандатка ээ болгон.

Ошондой эле, Төрөбаев 2017-жылы президенттик шайлоого катышкан. Бирок көп өтпөй талапкер Өмүрбек Бабанов менен тандем түзүп, анын пайдасына шайлоого катышуудан баш тарткан.

Ал эми 2021-жылы парламенттик шайлоодо Бакыт Төрөбаев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмесинде экинчи орунда турган.