Эмгек министрлиги 1-9-майды эс алуу күндөрү катары жарыялоону сунуштады

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги май айындагы эс алуу күндөрү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле бюджеттен каржылануучу ишкана жана мекемелердин кызматкерлери 1-майдан 9-майга чейин эс алышат. Бирок 30-апрель жана 14-май ишемби күндөрү иш күнү болуп бекилет.

Токтом долбоорунун маалымкат-негиздемесинде документ кызматкерлер дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдаланышы максатында иштелип чыкканы айтылат.

Өлкөдө май айында Эмгек күнү (1-май), Конституция күнү (5-май), Жеңиш күнү (9-май) белгиленет.