Актёр Чыңгыз Мамаев зордуктоого шектелип кармалды

Актёр Чыңгыз Мамаев зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу «Клоопко» Свердлов РИИБи кабарлады.

Милиция шектүүнү Тергөө кызматына жеткирип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу изоляторуна киргизген.Кийин Свердлов райондук соту Мамаевди ТИЗО-1ге камакка алган. Тергөө уланып жатат. Милиция иштин чоо-жайын кабарлай элек.

Чыңгыз Мамаев 2012-жылы акын Алыкул Осмонов тууралуу «Мезгил жана Алыкул» аттуу биографиялык тасмада башкы каармандын ролун жараткан.