Казакстан Орусияга санкциялардан буйтап өтүүгө жардам бербейт

Казакстан Орусияга Украинага аскерий кол салууга байланыштуу АКШ менен Евробиримдик киргизген санкциялардан буйтап өтүүгө жардам бербейт. Бул тууралуу Euractiv’ге Казакстандын президенттик администрациясынын башчысынын орун басары Тимур Сулейменов билдирди.

Ал Казакстан ЕАЭБге мүчө, бирок көз карандысыз мамлекет экенин, андыктан санкциядарды карманаарын белгиледи. Бул Европа биримдиги менен АКШнын Казакстанга карата экинчи даражадагы санкцияларына кабылып калбоо чоочулоосуна байланыштуу.

Казакстан ЕАЭБдин алкагында Орусия менен соода алакасын уланта берет.

«Биз Орусияга инвестиция кылууну жана инвестиция тартууну улантабыз: Биздин экономика үчүн мындан башка жол жок. Бирок биз санкцияланган товарларды көзөмөлдөөгө болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз. Санкцияланган жеке адамдар жана мекемелер Казакстанга инвестиция салбашы үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз», — деп белгиледи Сулейменов.

Мындан тышкары, Сулейменов Казакстанда Украинадагы согуш «согуш» деп эле аталып жатканын, себеби өлкөдө «ар бир нерсени өз атынан атоодо маселе жок» деп ишендирди.

Ошондой эле, Сулейменов Орусия Казакстан көбүрөөк алар тарапта болуусун каалап жатканын, бирок өлкө Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлаарын жана БУУ сыяктуу эле Крым жана Донбасстагы «кырдаалды» тааныбасын белгиледи.

Буга чейин Өзбекстан да Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоп, Луганск жана Донецк элдик республикаларын тааныган эмес.