Акыйкатчы ИИМден тынчтык митингдин катышуучуларын кармоо боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ички иштер министри Улан Ниязбековдон «орус-украин куралдуу жаңжалына» байланыштуу эч кандай тынчтык митингдери өткөрүлбөсүн деген Бишкектин райондук сотторунун чечимдерин аткарууга ким жооптуу экенин расмий түшүндүрүүнү талап кылды.

Ошондой эле Акыйкатчынын аппараты 1-апрелде райондук администрациялар менен Бишкектин райондук соттору чыгарган чечимдерди жана «Путинизмге каршы» митингиндеги укук коргоо органдарынын иш-аракеттери боюнча маалыматтарга сурам жөнөттү.

«Путинизмге каршы» митингдин катышуучулары менен кошо тынчтык митингинин жүрүшүно мониторинг жүргүзүп жаткан Акыйкатчы институтунун кызматкери Осмонова да кармалган болчу.

«Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Биринчи май РИИБде, мыйзамда белгиленген процедуралардын жол-жоболорун, адам укуктарынын сакталышына, орган кызматкерлеринин аракеттерине байкоо жүргүзүп жатышат», — деп билдирген анда Акыйкатчынын аппараты.

Бишкекте 2-апрелде «Путинизмге каршы» тынчтык митинги өткөн, бирок ал 15 мүнөткө да созулган — катышуучуларды милиция кармап кеткен.

Укук коргоо органдары соттун чечимине, ал эми акциянын катышуучулары Конституцияга жана президент Садыр Жапаровдун Бишкектин Максим Горький атындагы гүлбагына митингдерди өткөрө берсе болот деп айтканына таянышкан.

Отузга жакын активист укук коргоо органдарына баш ийген эмес деп Биринчи май райондук милициясына жеткирилген.