Садыр Жапаров 4-апрелде Кумтөр кени боюнча Centerra Gold менен келишимге кол коюларын билдирди

Кыргыз бийлиги жана канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен Кумтөр кени боюнча келишимге 4-апрелде кол коюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында билдирди.

«Кумтөр боюнча бүгүн кечки саат 18:30да түз эфирде [...] кол коюшабыз. Бул иш бүгүн аяктады. Тынч, эч кандай соттошуусу жок ажырашып атабыз. Албетте, бардыгы биздин пайдабызга чечилип жатат», — деди Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчы Кыргызстанда Кумтөрдөн сырткары 30дан ашуун алтын кени бар экенин белгилеп, аларды иштетүү үчүн «Көчмөндөр мурасы» мамлекеттик холдинги түзүлгөнүн белгиледи. Аталган холдинг 2021-жылдын декабрь айында негизделип, аны Кумтөрдүн тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жетектемей болгон.

2021-жылдын май айында Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» компаниясын мамлекетке 261,7 млрд, кийинчерээк дагы 2,1 млрд сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Буга компаниянын Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө кендин калдыктарын мыйзамсыз топтоп, экологияга зыян келтиргени негиз болгон.

Көп өтпөй Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөр кенине сырттан башкарууну киргизишкен. Мындай чечим кенди иштеткен «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилиги «экологиялык зыянды жоюу боюнча чараларды көрбөй жатканынан» улам кабыл алынган.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кумтөр ишиндеги» коррупцияга бир нече мурдагы аткаминерлерди шектеп кармап баштаган.

Кыргыз бийлиги 2021-жылдын сентябрь айынан тарта Centerra Gold ишканансы менен талаштарды «тынчтык жолу менен чечүү үчүн» сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Ал эми 25-мартта Министрлер кабинети Кыргызстан менен Centerra Gold ишканансынын ортосундагы өз ара дооматтарды глобалдуу жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырган. Бирок документтин чоо-жайы ачыкталган эмес.

Дагы окуңуз:

Тенгиз Бөлтүрүк кызматынан алынганы менен «Кумтөр» ишканасын баары бир жетектейт

Акылбек Жапаров: «Кумтөр» боюнча Centerra менен сүйлөшүүлөр 15-мартка чейин аягына чыгат