«Дөө Чыңгыз» деген каймана аты менен белгилүү кримтөбөл эркиндикке чыкты

Сүрөт: «24kg» басылмасы

Кримчөйрөдө «Дөө Чыңгыз» деген каймана аты менен белгилүү болгон Чыңгыз Жумагулов 12-июлда жаза мөөнөтү аяктап, абактан чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы «24kg» басылмасына билдирди.

«Жумагуловго карата бир нече беренелер боюнча айып тагылып, бирок анын бирөөсү менен гана күнөөлү деп табылган. Мыйзам боюнча шектүүнүн тергөө изоляторунда отурган бир күнү эки күнгө эсептелет», — дешти ЖАМКтан.

Жумагуловдун иши

Жумагулов 2019-жылы апрелде башка адамдар менен бирге эки адамды аёосуз сабоого шектелип кармалган. Кийин жабыркаган эки адам алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Жабыркагандар менен кармалгандар УКТ мүчөлөрү болгону кабарланган.

2020-жылдын 19-июнунда Биринчи Май райондук соту Жумагуловду «Ээнбаштык» беренеси менен күнөөлү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ал эми «Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү» жана «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренелери боюнча актаган.

Ошондой эле, Жумагулов менен бирге айыпталуучулар — Марсбек Тентиев жана Ильяс Айдакеев — бардык беренелер боюнча күнөөлүү деп табылып, 190 миң сом өлчөмүндө айып төлөп, 13 жылга эркинен ажыратылган.

«Дөө Чыңгыз» буга чейин да «Адам өлтүрүү аракетин уюштуруу» беренеси менен 18-жылга кесилген.

2016-жылдын апрелинде ал Бишкектеги Чүй проспекти менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишиндеги атышууга тиешеси бар деген шек менен кармалган. 2018-жылдын башында сот Жумагуловду тийиштүү мөөнөттөн мурда бошоткон.

Ошондой эле, Жумагуловду «Камчы Көлбаевдин УКТсынын жигердүү мүчөсү» деп айтып жүрүшөт. Бирок ал кылмыш дүйнөсү жана Көлбаев менен байланышы болгонун төгүндөгөн. Мындан сырткары, Жумагулов президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду өлтүрүү боюнча шектүүлөрдүн бири болгон.

Тема боюнча:

Жогорку сот кримтөбөл «Дөө-Чыңгызды» беш жылга эркинен ажыратты