Бишкек ЖЭБи, майнинг-фермага каршы митинг, цех кызматкерлерин көчүрүү, ажаткана. Эмне болуп жатат?

Бишкекте 8-апрелде ЖЭБдин кызматкерлери жылуулук электр борбордун имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар ЖЭБдин аймагына майнинг-ферма салынганы жатканын, буга энергетика министри Доскул Бекмурзаев жеке өзү кызыктар болушу мүмкүн деп билдиришти.

Материал жарык көрөөр алдында «Клооп» шаардык ЖЭБди башкарган «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматынан комментарий ала алган жок.

Ал эми «Электр станциялары» компаниясынын үстүнөн караган Улуттукэнергохолдинг «Клооптун» кабарчысына ЖЭБдин аймагында майнинг-ферма курулат деген маалымат «чындыкка дал келбейт» деп билдиришти.

«Бизде, Кыргызстанда криптовалютага [өндүрүүгө] уруксат берилбейт. Ага кошулуу үчүн техникалык шарттар түзүлүшү керек. Улуттук энергохолдингде криптовалюта объектилери электр тармактарына кошулбасын деген буйрук бар», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.

Мындан тышкары, шаардык ЖЭБдин кызматкерлери аларды кеңседен көчүрүүгө да каршы чыгышууда. Алардын айтымында, айрым кызматкерлерди мурда ажаткана жана жуунучу бөлмө болгон цехтерге көчүүгө мажбур кылып жатышат.

«Эки аптадан бери кызматкерлер көчүрүлөт деген сөздөр болуп жатат. Жетекчилер эсине келет деп акырына чейин күттүк. Энергетика министрлиги “Электр станцияларына” [кеңсесине] көчүп жатат. [Ал эми “Электр станцияларынын” кызматкерлерин] ЖЭБдин имаратына көчүрүп жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин [көчүрүүлөргө] эмне себеп болгонун түшүнбөй жатам», — дейт Бишкек ЖЭБдин профсоюздар комитетинин төрагасы Нурлан Чурмуков.

Ал эч кандай түшүндүрмө берилбегенин, «аткарылсын» деп коюлган тапшырма бар экенин, ал бир жумадан бери аткарылып жатканын кошумчалады.