БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешиндеги (АУК) мүчөлүгүн токтотуп туруу резолюциясын кабыл алды. Кыргызстан буга каршы добуш берди.
Демилгени 93 өлкө колдоп, 24 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Беларус, Тажикстан, Өзбекстан, Сирия, Вьетнам жана Түштүк Африка Республикасы каршы чыгышты. 58 өлкө добуш берүүдөн карманды.
БУУнун маалыматына ылайык, резолюцияны Украина 58 өлкө менен биргеликте сунуштаган.
БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш 22-мартта Орусия менен Украинанын «абсурддук согушуна» чекит коюуга чакырган.
«Украинадагы согуштун уланышы моралдык жактан кабыл алынгыс, саясий жактан өзүн актабайт жана максатсыз», — деди Гуттериш.
Добуш берүүгө чейин эмне деген билдирүүлөр айтылды?
Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Сергей Кислица добуш берүү алдындагы кайрылуусунда «адам укуктарын одоно бузуп жаткан» мамлекеттин Адам укуктары боюнча кеңештен чыгарылышы «тандоо эмес, бул милдет» деп билдирди.
Ал эми Орусиянын БУУдагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Геннадий Кузьмин Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңеште мүчөлүгүн токтотуп туруу боюнча каралып жаткан маселенин адам укуктары тармагындагы жобосуна эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.
«Бүгүнкү күндө биз бир канча өлкөлөрдөн турган чакан топтун аракети менен укук коргоо архитектурасында жарака кеткенин көрүп турабыз», — деди ал «конструктивдүү диалогду бекемдөө, адам укуктарын коргоо жана алдыга сүрөө жаатында бардык кызыктар тараптарды чечим кабыл алууга жана чечимди коллективдүү түрдө иштеп чыгууга тартуу Орусия үчүн дайыма артыкчулуктуу багыт болуп келгенин» кошумчалап.
Орусия эмне себептен четтетилди?
Орусияны Адам укуктары боюнча кеңештен четтетүүнү Бучада жай тургундар өлтүрүлгөнү белгилүү болгондон кийин АКШ демилгелеген. АКШны «Чоң жетиге» кирген өлкөлөр, анын ичнде Германия колдоого алган.
Резолюцияда орус аскерлери Украинанын аймагында адам укуктарын одоно жана дайыма бузуп жаткандыктан чыгарылганы белгиленет.
Ал эми Орусиянын ТИМи резолюцияга жооп берип, өлкө 7-апрелден тартып Адам укуктары боюнча кеңештеги мүчөлүгүн мөөнөтүнөн мурда токтотконун жарыялады.
Орусия төрт жылдык тыныгуудан кийин 2020-жылдын октябрь айында кеңешке мүчөлүгүн уланткан. Ал кезде органдын курамына 14 өлкө, анын ичинде Украина да кошулган. Кеңештин жаңы курамы ишин 2021-жылдын 1-январында баштаган.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине 47 мамлекет мүчө. Өлкөлөр ыйгарым укуктарын үч жыл аткарышат.
Буга чейин, 2011-жылы бир гана өлкө — Ливия — кеңешке мүчөлүгүн токтоткон болчу. Анда өлкөнүн мүчөлүгү Муаммар Каддафи бийликке каршы демонстрацияларды күч колдонуп басканы үчүн токтотулган.
Reuters’тин маалыматына ылайык, Орусия «макул» деп добуш берүү же карманууну чечими достукка жатпаган кадам катары карала турганын билдирген.
Эми Орусия кеңештин жыйындарына катыша жана добуш бере албайт, бирок дипломаттары дебаттарга катыша алат.
Кыргызстандын позициясы
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-мартта Орусия менен Украина аскердик жаңжалды токтотуш үчүн сүйлөшүүлөргө барат деп ишеним артаарын айткан.
Ошондой эле минкабдын төрагасы Кыргызстан «боордоштор бири-бирин өлтүрүп жаткан согуштун токтошуна колдон келген аракетин жасарын» билдирип, президенттин Кыргызстан дүйнөдө анчалык таасирге ээ эмес деген сөзүп кайталаган.
«Биз - чакан өлкөбүз, бул дүйнөдө биздин позициядан көп нерсе деле көз каранды эмес. Бирок ойлонулбай жасалган ар бир кадам элибизге оор кесепет алып келиши мүмкүн», — деген ал.
Буга чейин Украинадагы согуш жөнүндө президент Садыр Жапаров да ушундай эле сөзүн айтып, Кыргызстан бул жаңжалда расмий бейтарап позицияда экенин билдирген.
«Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек», — деген Жапаров парламенттин жыйынында.
Ошол эле учурда Kaktus.Media’нын журналисттери орус тилиндеги расмий пресс-релизде президенттин «согуш» деген сөзү орусчага «война» деп которулбай «жаңжал» деп которулганын байкашкан.
Орус аскерлеринин ири алкакта Украинага кол салуусу 24-февралда башталган.