Украина: БУУ «абсурддук согушту» токтотууга чакырды, Орусиядан он миңдеген IT-адис кетип жатат

Украинада болжолдуу орус аскери аялды зордуктаганы үчүн биринчи жолу согуштун мыйзамдарын жана эрежелерин бузуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Инна Совсун билдирди.

Анын айтымында, буга чейин да аялдар зордукталганы тууралуу маалымат болгон, бирок жогоруда аталган учур гана расмий каттоого алынган.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Орусия менен Украинанын «абсурддук согушуна» чекит коюуга чакырды. Гуттериш бул билдирүүсүн 22-мартта журналисттердин алдында сөз сүйлөп жатып айтты.

«Украинадагы согуштун уланышы моралдык жактан кабыл алынгыс, саясий жактан өзүн актабайт жана максатсыз», — деди Гуттериш.

Украинада уланып жаткан согуштун шартында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары кезектеги жаңы мыйзамды кабыл алышты. Анда Орусиянын «аймагынан тышкары» жакта ыйгарым укуктарын аткарып жаткан бардык бийлик органдарынын иши тууралуу «атайылап жалган маалымат» таратуу үчүн жаза колдонуу каралган.

Бул түзөтүүлөрдү депутаттар 15 жылга чейин эркинен ажыратуу (эгерде бул «оор кесепеттерге» алып келсе) же 1,5 млн рубль өлчөмүндө штраф салуу түрүндөгү жазаны караган «Орусиянын куралдуу күчтөрү тууралуу жалган маалымат таратуу жөнүндөгү» беренесине киргизишти.

Журналист Александр Невзоровго орус армиясы тууралуу «фейк» маалымат таратканы үчүн кылмыш иши козголду. Невзоров Украинадагы согушка каршы чыгып, орус армиясын сынга алып келет. Тергөө комитети белгилүү орус журналистинин учурда жүргөн жерин аныктоо үчүн чара көрүп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, Орусиянын электрондук коммуникациялар ассоциациясынын маалыматында, Украинада аскердик аракеттер башталгандан бери Орусиядан 50-70 миң IT-адиси чыгып кеткен. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды.

Ошол эле кезде ассоциациянын маалыматы боюнча, апрелде IT-адистердин өлкөдөн чыгып кетишинин экинчи толкуну күтүлүүдө, ал 70-100 адисти түзүшү мүмкүн.

Орусиянын Владимир облустук соту оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды алдамчылык жана судьяны кемсинтүү иши боюнча тогуз жылга кести. Саясатчыга эркинен ажыратуудан тышкары 1,2 млн рубль айып салынды.

Орусиянын федералдык каналдарынын дагы бир журналисти — «Биринчи каналда» 20 жылдан ашык убакыт иштеген Жанна Агалакова — Украинадагы согушка каршы пикирин айтты. Агалакова Орусия Украинага кол салгандан кийин каналдагы ишин таштап кеткен.

«Биринчиден» кеткенден кийин Агалакова «Чеги жок репортёрлор» эл аралык уюмуна кошулуп, мамлекеттик телеканалда иштеп жүргөндө пропагандалык ишке кантип аралашканын айтып берген.

«Бийлик акыркы жылдары көз карандысыз басылмаларды кысып келди. Алар Орусияда иш жүргүзгөндөр, дагы деле бул жакта калып иштегенге аракет кылып жатышат. Алар күчтүү, аябагандай күчтүү, ушунчалык кайраттуу адамдар, мен аларды абдан сыйлайм», — деп билдирген Агалакова.

Бирок журналист Орусияга каршы киргизилген эл аралык санкцияларга каршы чыккан. Ал санкциялардын кесепети биринчи эле орто катмардагы адамдарга тийип, өлкөнү жакырчылыкка кириптер кылып жатканын айткан.