Жапаров: Боордоштор бири-бирин өлтүргөн согушту токтотууга болгон аракетибизди жумшайбыз

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров аскердик жаңжалды токтотуу үчүн Орусия менен Украина сүйлөшүүлөр столуна отурарына ишенерин айтты. Мындай билдирүүнү Жапаров 24-мартта минкабдын жыйынында айтканын жазышты «Азаттык» жана «АКИпресс» басылмалары.

Жапаровдун айтымында, согуш башталгандан бери Кыргызстандан белгилүү бир позицияны карманууну жана өлкөлөрдүн бирин колдоону суранып жатышат.

«Ооба, бул маселе боюнча биздин өлкө азыр эки лагерге бөлүнүп турат. Жеке адамдар боюнча алып караганда, мындай тандоону түшүнсө болот. Себеби ар ким өзүнүн жеке симпатиясына жана дүйнө таанымына жараша кабылдоодо. Бирок мамлекеттик деңгээлде мындай мамиле абайлабагандык, жада калса жоопкерчиликсиз болот деп эсептейм», — деди Жапаров.

Ошондой эле минкабдын төрагасы Кыргызстан «боордоштор бири-бирин өлтүрүп жаткан согуштун токтошуна колдон келген аракетин жасарын» билдирип, президенттин Кыргызстан дүйнөдө анчалык таасирге ээ эмес деген сөзүп кайталады.

«Биз - чакан өлкөбүз, бул дүйнөдө биздин позициядан көп нерсе деле көз каранды эмес. Бирок ойлонулбай жасалган ар бир кадам элибизге оор кесепет алып келиши мүмкүн», — деди ал.

Буга чейин Украинадагы согуш жөнүндө президент Садыр Жапаров да ушундай эле сөзүн айтып, Кыргызстан бул жаңжалда расмий бейтарап позицияда экенин билдирген.

«Албетте, биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек», — деген Жапаров парламенттин жыйынында.

Ошол эле учурда Kaktus.Media’нын журналисттери орус тилиндеги расмий пресс-релизде президенттин «согуш» деген сөзү орусчага «война» деп которулбай «жаңжал» деп которулганын байкашкан.

Орус аскерлеринин ири алкакта Украинага кол салуусу 24-февралда башталган. БУУнун маалыматына ылайык, бул убакыт аралыгында жай тургундардын арасынан кеминде 925 адам каза тапкан, ал эми 10 млндон ашуун тургун өлкөдөн чыгып кеткен.