Садыр Жапаров: Согушту токтотууга таасирибиз жетпейт, ошондуктан калыс өлкө болушубуз керек

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында Кыргызстан кичинекей өлкө болгондуктан согушту токтотууга таасири деле жетпесин белгилеп, Орусия менен Украина маселесинде «калыс өлкө болушубуз керек» деп айтты.

Ошондой эле президент согуш дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизип жаткандыктан, кырдаалдан чыгуу үчүн «бир муштумка биригип иш алып барышыбыз керек» деди.

«Доллардын кунунун көтөрүлүшүн, күйүүчү майга карата баанын жогорулашын, азык-түлүктүн баасынын барган сайын өсүп жатканын элибиз менен чогуу баштан өткөрүп жатабыз. Ушундай кыйчалыш убакта бизге ынтамык керек болуп турат. “Ынтымак бар жерде ырыс бар” деген накыл кеп бар элибизде. Бизге капшабы тийип жаткан таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын жасаган иши менен айткан сөзү айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иш алып барашыбыз абадай керек болуп турган чак», — деди ал.

Жапаров депутаттарга кайрылып «бири-бирибизди сындып, кылдан кыйкым издебей ишти илгерилетүүнүн үстүндө бололу» деди.

«Амбицияларыбызды жыйыштырып, оппозиция позиция дебей, жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруубуз мезгил талабы болуп турат», — деп кайрылды депутаттарга өлкө башчысы.

Жапаров буга чейн 22-февралда дагы Фейсбук барагында Орусия менен Украинанын айланасында болуп жаткан кырдаал боюнча пикирин билдирген. Анда ал «Украинанын чыгышында болуп жаткан абалдын өнүгүшүн тынчсыздануу жана терең тынчсыздануу менен көз салып турарын» белгилеген.

Ошол эле учурда Жапаров «тигил же бул өлкөнү таануу ар бир мамлекеттин суверендүү укугу» деп айткан.

Ал эми 26-февралда Садыр Жапаров Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Анда эки олкөнүн башчысы эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышканы айтылган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 5-мартта орусиялык кесиптеши Сергей Лавровдун чакыруусу менен Москвага расмий сапарга барган. Ал брифингде сүйлөп жатып, Орусия менен Украинаны тынчтыкка, жаңжалды саясий жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырган. Ошондой эле Казакбаев Кыргызстанды сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн аянтча катары сунуштаган.

Тема боюнча:

Садыр Жапаров менен Владимир Путин Украинадагы кырдаал боюнча пикир алышты

Президенттин басма сөз катчысы Украина боюнча: Кырдаалдын жөнгө салынышын кубаттайбыз