Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арадасындагы кырдаал «биздин көзөмөлдө турат» деп билдирди. Анын айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин ок атуу толугу менен токтотулган.
«Түн болсо да азыр Лейлек районунун Жаңы-Жер [айыл өкмөтүнө] чыгып жатам. Барып чек арачылар жана жергиликтүү бийлик менен жолугуп, ошол жерде эмнеден [чыр] чыкты, ошону менен бирге кандай иштерди алып барышыбыз керек [сүйлөшөбүз]. Элге тынчтыкты сактоо боюнча жумуш алып барабыз», — деди облус башчысы.
Ошондой эле ал Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн тургундары эвакуацияланып жатканын айтты. Мындан сырткары Алимбаев кайрадан ок атышууга жол бербөө үчүн тиешелүү жумуштар жасалып жатканын кошумчалады.
Чек арадагы жаңжал
Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы 12-апрель күнү кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алганын маалымдаган.
Биринчи жаңжал райондун Селкана жерлигинде чыккан. Анда тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасына 20 метр кирип келип, кыргыз аскерлерине ок атышкан.
Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, ок атышуу токтотулган. Ал учурда кыргыз тараптан эч ким жарадар болгон эмес, ал эми тажик тараптан бир аскер октон жаракат алганы маалымдалган.
Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлерине ок чыгарышкан.
Экинчи ок атышуу 30 мүнөткө созулган. Анын кесепетинен бир кыргыз аскери жарадар болгон. Чек ара кызматы андан соң тажик тарап Лейлек районунун Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганын белгилеген.
Ошондой эле тажик тарапты жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга жана кырдаалды курчутпоого чакырган.
Мекеменин басма сөз кызматы саат 22:15 чамасында Тажикстандын чек арачылары Достук айылын миномёттон аткылоону токтотконун кабарлады.
Ал эми жаракат алган чек арачынын абалы «оор» деп мүнөздөлдү. Ал Лейлек районунун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аскерге операция жасоо күтүлүүдө.
Кийинчерээк Чек ара кызматы саат 22:50дөн баштап 23:16га чейин Баткен районунун Радар-1 жерлигинде тажик аскерлери кыргыз чек арачыларын маал-маалы менен аткылаганын билдирди. Ошондой эле окуя болгон жерге Тажикстан кошумча күчтөрдү жана каражаттарды тартып жатканы байкалган.