Мамрезиденциянын тосмосу бийиктетилүүдө. Султанбаев бул пландык оңдоо экенин айтты

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Клооптун» кабарчысына Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясын курчаган дубал эмне себептен оңдолуп жатканын айтып берди.

Анын айтымында, тосмо курулгандан бери оңдолбогонуна байланыштуу реконструкция кылуу чечими кабыл алынган.

«Жалпы конструкцияны бекемдөө үчүн аталган иштер жүргүзүлүп жатат», — деп түшүндүрдү Султанбаев.

Буга чейин тосмонун оңдолуп жатканы тууралуу Kaktus.Media басылмасы кабарлаган. Журналисттер тарткан видеодон дубалды бийиктетип кыш тизип жатышканын байкоого болот.