Өзгөндө төрт жашар наристе трансформатордун тогуна урунду, абалы оор

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Өзгөн шаарында төрт жашар наристе токко урунуп ооруканага түштү. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 13-апрель саат 18:00 чамасында болгон. Анда наристе ойноп жүрүп, үйүнө жакын жердеги электр трансформаторуна кирип кеткен. Ал жерден электр чубалгысын кармап алып, токко урунган.

Бала тез жардам менен ооруканага жеткирилген. «Турмуш» басылмасы облустук оорукананын дарыгерлерине таянып, бала оор абалда экенин жазды. Электр тогу наристенин колунан кирип башынан чыгып кеткендиктен операция жасоо пландалууда.

Учурда милиция бул факты боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.