Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды

Жапаров 15-апрелде президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды. 21 миң чарчы метрди түзгөн имарат мурда «Ысык-Көл» мейманканасы жайгашкан жерге курулат.

Жапаров иш-чарада «мейманкананын эскилиги жеткендиктен» ордуна жаңы имарат куруу чечими кабыл алынганын белгиледи. Ал курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүүнү тапшырып, имарат «кийинки муундарга кызмат кылышы керек» деп билдирди.

Ошондой эле капсула салуу аземинде Жапаров президенттик администрациянын маңдайында жайгаша турган административдик комплекстин концепциясы менен таанышты.

Өлкө башчынын администрациясынан аталган комплекс борбордук башкаруу ишин оптималдаштырат деп билдиришти.

«Мындан тышкары, бул мамлекеттик органдардын бир комплексте жайгашуусу чечимдерди иштеп чыгуу процессин тездетет, ордо калаанын борбордук бөлүгүндөгү жол тармагына жүктү азайтат», — деп жазылат маалыматта.

Президенттин администрациясы курулуштун долбоорун жарыялады. Анда имарат заманбап стилде мыкты шарттары менен курулаарын көрүүгө болот.

Ал арада коомчулукта аталган курулуш боюнча арача пикир пайда болду. Соцтармак колдонуучуларынын айрымдары бийликтин бул аракетин колдосо, башкалар каатчылык мезгилде «мындай курулуштун кереги барбы» деп нааразы болушту. Ошондой эле мунун ордуна курулушу бүтпөй турган социалдык объекттерди бүткөрүүнү жана чек ара маселесин чечүүнү сунушташты.

«Эмне кереги бар? Карапайым элге эч жардамы жок долбоор. А Баткендеги чек ара маселеси качан чечилет? Муну коюп ошол чек арага акча жумшабайсыңарбы? Ал жерде элибиз күн сайын коркуп жашайт!» — деп жазды колдонуучулардын бири.

Бийлик «Ысык-Көл» мейманканасын сүрдүрүүнү пландап жатканы 2021-жылдын декабрында белгилүү болгон. Анда, президенттин администрациясы мейманкананы пайдалануу «кооптуу жана мүмкүн эмес» деп айткан.