Дастан Бекешев: 16 гектар жер тыйын эмес, өтө кымбат турат

Депутат Дастан Бекешев 16 гектар жердин ордуна кайсыл компания президенттин административдик имаратын кура турганына, курулушка канча сом жумшаларына жана 16 гектар жер өзү канча турарына кызыкты.

Эл өкүлү имараттын курулушун колдой турганын, бирок мындай купуялуулук «күмөн жаратарын» белгиледи.

«16 гектар жер — тыйын эмес, өтө кымбат турат. Жер дагы элдин менчиги жана мамлекеттен бир дагы тыйын кетпейт деп айтууга болбойт. Бишкекете 1 сотых жер 50 миң доллар турушу мүмкүн», — деп Телеграм каналында жазды Бекешев.

Буга чейин Садыр Жапаров «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна президенттин администрациясын куруу боюнча чечим «элдин жыргалчылыгы үчүн» кабыл алынганын, мамлекеттик бюджеттен «бир дагы тыйын» бөлүнбөй турганын айткан.

«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын. Ошол үчүн мурдакылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу?» — деген пикирде президент.

Кийинчерээк президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттин администрациясынын курулушу — Кыргызстандын аброю экенин жазган. Султанбаев эми жаңы жана заманбап имаратта чет элдик делегацияларды «уят болбой» кабыл алууга болот деп эсептейт.

«Чет мамлекеттерге барганда алардын административдик комплекстерине, архитектурасына дайыма суктануу менен карайбыз. Кудай буюрса, эми өлкөбүздүн коноктору да бизге ушундай суктануу менен карашсын», — деп жазган маалымат катчы Фейсбук барагына.