Караколдо шаардык кеңештин депутаты ээнбаштыкка шектелип кармалды

Каракол шаарында шаардык кеңештин депутаты Манасбек Каныбеков ээнбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милицияга 19 жаштагы жигит арыз менен кайрылган. Ал 7-апрелде түнкү клубдардын биринде «Чуба» жана «Дани» аттуу тааныш балдар аны сабап кетишкенин айткан. Арызда «Чуба» аттуу жигит жабырлануучуну тапанча менен коркутуп, буту тарапка ок атканы жазылган. Ошол учурда «Дани» аны сабап, муунтканы айтылат.

Бул факты боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ошол эле күнү 27 жаштагы шектүүнү — шаардык кеңештин депутаты М.К. [Манасбек Каныбековду] кармашкан. Анын унаасынан тиешелүү уруксат кагаздары жок, белгисиз маркадагы тапанча табылды.

Табылган тапанчанын маркасын аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

Шектүү күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ал Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.