Сузак: Селдин кесепетинен вагондо жашап жаткан тургундар үй салууга жер сурашууда

20-июль, 2021-жыл. 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Чаңгыр-Таш айылында вагондо жашап жаткан сегиз үй-бүлө үй салууга жер тилке бөлүп берүүнү суранышууда. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, алардын үйлөрү 2021-жылдын июль айындагы селден улам жараксыз абалга келген. Тургундардын бири Асель Арапбаева басылмага вагондордо жашоо оор экенин билдирди.

«Кышында жылуу эле болду. Бирок алдынан суук уруп жатты. Бизде күн катуу ысыйт, жайдын күндөрү жашоого мүмкүн эмес. Өкмөткө ыраазыбыз, 150 миң сомдон акчалай жардам алганбыз. Ушул жер тилкени эртелетип чечип беришсе биз да элге окшоп үйдө жашайт элек. Кыйналган үй-бүлөлөр жашайбыз. Турак жай салууга да жардам беришсе жакшы болот эле», — деди Арапбаева.

Жергиликтүү бийликтен Кара-Дарыя айыл өкмөтү тарабынан жер трансформациялоого документ даярдалып, бирок жыйынтыгы чыга электигин билдиришти. Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев маселе боюнча иш жүрөрүн убадалады.

Өткөн жылдын 20-июлунда Сузак айыл аймагынын Достук айылында, Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылында сел жүрүп, анын кесепетинен 6 жашар кыз каза болгон.

Кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдүн короолоруна кирген. Ошондой эле Сузак — Кара-Дарыя унаа жолун каптаган.

Ал эми мурдараак, 12-июлда, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында катуу сел жүргөн. Анын кесепетинен сегиз киши каза тапкан. Алардын арасында 2,5 жашар наристе, 5 жашар бала, 12 жана 16 жаштагы өспүрүмдөр болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сузактын бир нече айылдарында сел жүрүп, 6 жашар кыз каза болду

«Аман калышса болбойт беле?» Аксыдагы селде жакындарын жоготкондордун аза кайгысы

Сүрөт баян: Аксыдагы селдин кесепеттери жана кыйылган сегиз өмүр