Аксы районундагы Гүйгөн жайлоосу. Сел жүргөн аймак. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев / Kloop.kg

12-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында сел жүрүп, сегиз киши каза тапкан. Каза болгондордун ичинен алты киши Шайыбековдордун үй-бүлөсүнөн, ал эми 12 жаштагы Нурсултан коңшу айылдын тургуну болгон.

Сел агызып кеткен алты адам 13-июлга караган түнү, ал эми 2,5 жаштагы Фатиманын сөөгү 14-июнда эртең менен табылган. Жаңыжолдук 5 жашар Айдардын сөөгү алты күндөн кийин табылды.

«Клооптун» кабарчылары кырсык болгон аймакка барып, жаратылыш кырсыгынан жакындарын жоготкондордон окуя тууралуу сурап, маек куруп келди.

«Улам бирден таап жатышты»

Шайыбековдордун үй-бүлөсү жыл сайын өздөрү жашаган Жолборсту айылынан бир чакырым аралыктагы Гүйгөн жайлоосуна чыгат. Сел жүргөн күнү Нурлан Шайыбеков келинчеги экөө айылда, апасы менен карындашы жайлоодо болчу. Саат алтыга чукул кыздары Перизат жана Фатима эки жээнин алып жайлоого жөнөшкөн.

Көп өтпөй эле келинчегинин «сел келе жатат окшойт, катуу үн чыгууда» деген сөзүн уккан Нурлан чындап эле ошондой болуп жатканына ынанып, жайлоого кеткен кыздарын эстейт. Ал «жүрөгү жаман нерсени сезип», дароо жайлоону көздөй бет алган. Сел алган жолдо баратып апасына да, улуу кызына да чалып байланыша албай койгон. Жайлоого жеткенде үй-бүлөсүн да, үйүн да таппай калган.

Гүйгөн жайлоосу. Шайыбековдордун үйү ушул эки жаңгактын ортосунда жайгашкан болчу. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев / Kloop.kg


Перизат 16 жашта болчу, бир жылдан кийин ЖОЖго тапшырмак, англис тилин жакшы билген. Ал эми Фатиманын тили жаңыдан чыгып калган эле.


Андан соң шаштысы кеткен Нурландын үй-бүлөсүн айылдагы 150 түтүндөн бирден киши чыгып, сайдын этегинен издеп баштаган. «Улам бирден таап жатышты. [...] Ошентип бешөөнү табышты — апамды, карындашымды, эки жээними жана кызым Перизатты. Кызым Фатиманы таппай калдык, ошол түндү кызым жок таң атырдым», — дейт жашын тыя албаган ата.

Гүйгөн жайлоосу селден кийин. Сүрөт: Тойчубек Боронбаев / Kloop.kg

Нурлан 13-июлда табылган жакындарын жерге берген. Эртеси кенже кызы Фатиманы табыш үчүн кайрадан жайлоого жөнөгөн. 2,5 жаштагы наристенин сөөгү Шайыбековдордун тамынан алыс эмес сел менен агып келген отундардын арасынан табылган.

Нурлан кыздарын эскерип, улуу кызы Перизат 16 жашта болгонун, бир жылдан кийин ЖОЖго тапшырууга камынып жүргөнүн, англис тилин жакшы билгенин айтат. Ал эми кенже кызы Фатиманын тили жаңыдан чыгып калган эле. Шайыбеков жайлоого жөнөгөн кыздары мончого түшүп чыккандан кийин «көзүнө жакшынакай көрүнгөнүн, ал тургай үйдү да жыйнап кетишкенин» айтып жашыды.

«Кошуналарыбыз бакчабыздан кулпунай терип жешкенин көрүптүр. Алар жайлоого жеткенде эле жамгыр жааптыр», — деп үшкүрдү Шайыбеков.

Перизат жана Фатима.

Нурлан каза болгон 40 жаштагы карындашы уул-кыздарын алып бир нече күнгө келгенин, Орусияга кетээрдин алдында апасы менен көрүшүп, жайлоодо эс алууну пландашкан дейт. Карындашынын артында жолдошу жана бир баласы калды.

Ал эми «аялым периштедей болуп өлүмдөн алып калды» деп көз жашын төккөн Нурлан Шайыбековдун атасы Туратаалы аксакал «небере, байбичемден биринчи кетсем болбойт беле» деп өкүндү. Себеби каргаша болгон күнү аксакал байбичесинин өтүнүчү менен айылдагы үйдүн бакчасын сугарганы кеткен.

«Ушул үйдө барыбыз жашачубуз [жашаган үйүн көрсөтүп — ред.], эми өзүм жалгыз калдым… мен көрчүнү көрдүм, мен жалгыз өлүп, кызым, неберелерим, байбичем аман калса болбойт беле?! Ушулар менин сөөгүмдүн жанында өкүрүп турушса болбойт беле?! ...» — деди карыя.

«Табият кырсыгы экен, айла жок»

Нурсултан атасы Орозбек Субанов менен жайлоодо. Бул сүрөт Нурсултандын акыркы сүрөтү болуп калды. 

Каргашалуу селде каза тапкан 6-класстын окуучусу Нурсултан Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы Эчкили-Сай айылынын тургуну. Ал күнү Нурсултан жайлоого атасы Орозбек Субанов менен мал айдаш үчүн бирге келген.


Нурсултан үй-бүлөдө беш кыздан кийин төрөлүп ата-энесин кубанткан уул эле.


Атасынын айтымында, жамгыр башталганда Шайыбековдордун үйүнө кирип, жылынып отурушкан. Сел жөнүндө сөз болгондо үйдүн кожойкеси сел суусу сай аркылуу өтүп кетет деп жооткоткон. А бирок Орозбек Субанов малга көз салайын деп сыртка чыкканда сел үйдү «жалмап» кеткен.

«Тез эле кирем деп ойлогом, көз ачып жумганча жыгач аралашкан капкара суу келип тамды урду. Үч секундка жетпей дубалдар жарылып, там агып кетти. Келме айтып, бакырып-өкүрүп кайсалап кала бердим. Табият кырсыгы экен, айла жок», — деп кейиди ал.

Ал эми Нурсултандын апасы Алтынай Кенжетаева уулун 12 жашында «кайгыга салып кетти» деп ыйлады. Себеби Нурсултан үй-бүлөдө беш кыздан кийин төрөлүп ата-энесин кубанткан уул эле.

«Нурсултан мектепте жакшы окучу, мугалимдери да макташчу. Өзүн тыкан алып жүрчү, былтыр класс жетекчиси тазалык сектору кылып дайындаган экен. Өзүн-өзү карап калды эле [...]», — деп жашыды эне.

«Айдар селден качууга үлгүрбөй калган»

Айдар дал ушул таштын үстүндө ойноп отурганда сел агызып кеткен. Сүрөт: Зарина Маматжанова / Kloop.kg

Сел агызып кеткен сегиз кишинин арасында 5 жашар Айдар да бар эле. Окуя болгон күнү 7 жаштагы бир тууганы экөө адаттагыдай эле үйдөн анча алыс эмес сайда ойноп жүргөн.


Сайда ойноп жүргөн чоңураак балдар качканга жетишип, беш жашар Айдар таштын үстүндө калып калган.


«Ал күнү жамгыр жааган. Кооптуу деп сайга барууга тыюу салгам. Мен алаксып калганда балдарым сыртка чыгып кетишиптир. Мындай болуп кетээрин билгенде уулумду үйдө кулпулап эле жатып алмак экем», — дейт Айдардын атасы Элнурбек Жоошбаев, уулунун буга чейин деле суу кечип, балык кармап сайда жүргөнүн айтып.

Окуянын күбөсү, Элнурбектин кошунасы Тазабек Туратбеков сайда ойноп жүргөн чоңураак балдар качканга жетишип, беш жашар Айдар таштын үстүндө калып калганын айтат.

«Отун аралашкан суу адамдын боюнан да бийик келди. Сууну көрүп эле шеригимди Айдарды куткарууга чурка дедим. Ал боюн таштаганда суу белинен да жогору көтөрүлүп кетти. Каттуу келген суу жаш баланы агызып кетти. Аны кармап калганга эч мүмкүнчүлүк болбой калды. Ошол күндөн бери көз алдыма жаш бала келип уктай албай жатам», — дейт Туратбеков.

Айдардын сөөгү беш күн бою табылбай, атасы Жоошбаев 15-июлда «Клооп» аркылуу айылдаштарына кайрылып, уулунун сөөгүн табууга кол-кабыш кылууну өтүнгөн болчу. Кийин жаш баланын сөөгү 17-июлда Кара-Суу суусунун Нарын дарыясына кошулган жеринен табылган.

Президент Садыр Жапаров селдин кесепетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, министрлер кабинетине селден жабыркаган тургундарга тийиштүү жардам көрсөтүүнү жана селдин кесепетин тез арада жоюуну тапшырган.

Сегиз адамдын өмүрүн алган апааттан каза болгондордун үй-бүлөсүнө 16-июлда мамлекет тарабынан материалдык жардам көрсөтүлгөн. Алты маркумдун үй-бүлөсүнө 1 млн 300 миң сом, ал эми 12 жашар өспүрүм менен беш жашар баланын үй-бүлөсүнө 150 миң сомдон берилген. Бул каражат президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн.

Тема боюнча: