Сузактын бир нече айылдарында сел жүрүп, 6 жашар кыз каза болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир нече айылдарында 20-июлда сел жүрүп, анын кесепетинен 6 жаштагы кыз селге агып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

«Сел Сузак — Кара-Дарыя унаа жолун каптап, 2015-жылы туулган М.А. аттуу кызды агызып кеткен. Жеринде издөө иштеринин натыйжасында жогоруда аталган кыздын сөөгү туугандары тарабынан табылды», — деп билдиришти ӨКМден.

Сел Сузак айыл аймагынын Достук айылында, Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылдарында жүргөн. Кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдун короолорун каптаган. Учурда ӨКМдин кызматкерлери селдин кесепеттерин жоюу үчүн жеринде иштеп жатышат.

Мындан эки күн мурун Баткен облсунун Лейлек районунда сел жүрүп, анын кесепетинен 16 жаштагы өспүрүм каза болгон. Анын сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Адам өмүрүн алган сел буга чейин 12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да орун алган. Анда жалпы сегиз адам каза тапкан. Каза болгондордун алтоо — эки аял, эки өспүрүм жана эки жаш бала — бир үй-бүлөдөн болушкан. Алардын баары окуя болгон күнү Жолборсту айылындагы жайлоодо болушкан. Тилекке каршы алар жашаган тамды сел агызып кетип баары набыт болушкан.

Ал эми 12 жаштагы Нурсултан атасы менен жайлоодон мал кайтарып келе жатып, жаандан улам айылдаштарынын тамына жылынуу үчүн кирген. Бирок капыстан сел агып келип, тамды жер менен бир кылган.

Ошондой эле, селден каза болгондордун арасында 5 жашар Айдар да бар. Анын сөөгү беш күндөн кийин Кара-Суу дарыясы менен Нарын дарыясынын кесилишинен табылган.