«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна түшө турган Ак үйдү «ТС ГРУПП» курат

«Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна түшө турган президенттин администрациясын «ТС ГРУПП» компаниясы курат. Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттин иш башкаруучусу Тилек Батырканов билдирди.

Анын айтымында, курулуш компаниясын долбоордун инвесторлору тандаган, ошондуктан президенттик администрацияга караштуу Курулуш, социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция алардын буйрутмачысы болду.

«ТС ГРУПП» компаниясынын башчысы Алмаз Тиленов дагы компаниясы президенттин администрациясын курууга тартылганын ырастады. Анын айтымында, келишимге казакстандык инвесторлор менен кол коюлган.

Ал арада Батырканов президенттин администрациясын бир жылдын ичинде куруп, пайдаланууга берүү пландалып жатканын белгиледи.

Президенттин иш башкармачысы билдиргендей, долбоорду ишке ашырууга кете турган каражаттын суммасы азырынча белгисиз, ал курулуштун жүрүшүндө гана белгилүү болот.

«16 гектар жерге инвесторлор бизнес борборлорду, турак жай, мектеп, бала бакчаларды салат. Алар бизнес план даярдап курулуш иштерин ошого жараша жүргүзөт. Биз азыр инвесторлорду ар кайсы тараптан, дүйнөнүн төрт бурчунан тартып атабыз. “Иштейбиз, инвестиция салабыз” дегендерди, чын эле Кыргызстандын өнүгүшү үчүн каражат сала турган инвесторлорду чакырып атабыз», — деди ал. Ошондой эле ал президенттик администрациянын маңдайына дагы бир имарат куруларын, ал жерге бардык министрликтер жайгаштырыларын кошумчалады.

«ТС ГРУПП» компаниясынын сайтында компания 2014-жылы негизделгени айтылат. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «ТС Групп Компани» ЖЧКсынын негиздөөчүсү болуп Акылбек Сарманов эсептелет.

Өлкө башчы Садыр Жапаров 15-апрелде «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна түшө турган президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. Кийинчерээк ал курулушка «мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок» деп ишендирген.

«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын. Ошол үчүн мурдагылар эч нерсе жасабай эле “жыргап отура берейинчи” деп тажаган сыяктуу?» — деп айтылган президенттин билдирүүсүндө.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев президенттин администрациясынын курулушу — Кыргызстандын аброю экенин жазган. Султанбаев эми жаңы жана заманбап имаратта чет элдик делегацияларды «уят болбой» кабыл алууга болот деп эсептейт.

«Чет мамлекеттерге барганда алардын административдик комплекстерине, архитектурасына дайыма суктануу менен карайбыз. Кудай буюрса, эми өлкөбүздүн коноктору да бизге ушундай суктануу менен карашсын», — деп жазган ал Фейсбук барагына.

Бирок депутат Дастан Бекешев «16 гектар жер — тыйын эмес, өтө кымбат турарын» айтып, президенттин сөздөрүнө макул эместигин билдирген.

«16 гектар жер — тыйын эмес, өтө кымбат турат. Жер дагы элдин менчиги жана мамлекеттен бир дагы тыйын кетпейт деп айтууга болбойт. Бишкекете 1 сотых жер 50 миң доллар турушу мүмкүн», — деп Телеграм-каналында жазган Бекешев.

Тема боюнча: Жапаров президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды

Президент жаңы имараттын курулушуна «бюджеттен акча кетпейт» деп ишендирди

«Кыргызстандын аброюна тийиштүү маселе». Эрбол Султанбаев президенттик администрациянын курулушу тууралуу