«Дал келүү», кыргыз «жараны эмес». ИИМ Темировго карата кылмыш иштердин чоо-жайын айтып берди

Иликтөөчү журналист Болот Темиров жана ага карата укук коргоо органдары козгогон кылмыш иштери талкууга алынып жатат.

20-апрелге караган түнү Темировго дагы үч жаңы берене менен кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Бул журналист УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандары тууралуу иликтөө чыгаргандан кийин кийин болду.

21-апрелде ИИМдин басма сөз борборунда пресс-конференция өтүп, ал жерден ИИМдин Тергөө кызматынын жана Бишкек ШИИББдин жетекчилиги Темировго байланышкан иштер тууралуу маалымат беришти.

Милиция эмне дейт?

Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматынын башчысы Кымбат Курманалиева Болот Темировго карата козголгон төрт иш тең иликтенип бүткөнүн кабарлады. Азыркы учурда журналистке карата жалпы төрт кылмыш иши козголгон: мыйзамсыз паспорт жана аскердик билет алуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана баңгизатты даярдоо.

Милиция иштердин бардыгы бир өндүрүшкө бириктирилгенин, учурда Темиров алар менен таанышып жатканын айтты. Андан кийин иш сотко өткөрүлөт.

ИИМден журналистке карата козголгон иштердин саясий өңүтү жоктугун дагы кошумчалашты.

«Саясат менен эч кандай байланышыбыз жок», — деп белгиледи ИИМдин Тергөө кызматынын башкармалыгынын жетекчиси Сапар Аманкулов.

Ошондой эле ал жаңы кылмыш иштер Temirov LIVE’дын журналисттик иликтөөсүнөн кийин эле дароо козголгонун «дал келүү» деп атады. Паспорт жана аскердик билетти мыйзамсыз алуу, ошондой эле чек араны мыйзамсыз өтүү фактылары боюнча кылмыш иштери козголгону 20-апрелде гана белгилүү болгон.

Бакыт Сеитов, Сапар Аманкулов жана Кымбат Курманалиева. Сүрөт: «Клооп».

Аманкулов бул тууралуу баңгизатты даярдоо ишин тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгонун кошумчалады. Журналистке карата аталган иш үстүбүздөгү жылдын январь айында спецназдын катышуусу менен Temirov LIVE’дын командасынын кеңсеси тинтүүгө алынгандан кийин башталган.

Анда укук коргоо органдын кызматкерлери Темировдун шымынын арткы чөнтөгүнөн баңгизат деп аташкан түйүнчөктү табышкан. Журналист өзү тинтүү учурунда түйүнчөктү салып коюшкан деп бир нече жолу айткан

«Тергөөнүн жүрүшүндө [Орусиянын жараны] экени аныкталган. Биз бардык маалымат менен таанышып чыгышыбыз керек болчу: кайда жашаганын, кайда иштегенин, кайсы документтерди колдонгонун жана кайсы өлкөлөргө барганын. Ал такталгандан кийин гана документи жасалма экени, чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү белгилүү болду», — деп билдирди ИИМдин өкүлү Бакыт Сеитов.

Ал журналистке паспорт менен аскердик билетти мыйзамсыз алууга жардам бергендерге юридикалык баа берилерин кошумчалады.Мындан тышкары, ИИМден Болот Темиров паспортту мыйзамсыз алгандыктан Кыргызстандын жараны болуп эсептелбей деп билдиришти. Милициядан ал Орусиянын жараны деп айтышты.«[Бирок] адам кайсыл гана өлкөнүн жараны болбосун, эгер ал Кыргызстандын мыйзамдарын бузса, анда [кыргыз сотунда] жооп берет», — деди Сапар Аманкулов.

Темировго карата иштер

18-апрелде Temirov LIVE’дын компандасы иликтөө чыгарып, анда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас тууралуу сөз болгон. Иликтөөдө Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы Жалал-Абад облусунда бензин менен камсыздоо боюнча тендерлерди утуп баштаганы айтылган.

20-апрелге караган түнү Темировго карата үч кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Кийин милициядан журналист орус жаранынын паспортуна ээ болуп туруп Кыргызстандын жарандыгын алган, жасалма аскердик билетти колдонуп, эки өлкөнүн чек арасынан 50дөн ашуун жолу кесип өткөн деп түшүндүрүшкөн.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка алып чыгып жатканы үчүн куугунттук кылууда деп атаган.

Ал эми журналисттин адвокаттары болсо журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташкан.

Тема боюнча окуңуз: Байсалов Temirov Live’дын Ташиевдин уулу жөнүндө иликтөөсүн «манипуляция» деп атады