Temirov Live: Тай-Мурас Ташиевдин күйүүчү май саткан компаниясы тендерлерди утуп баштады

Temirov Live’дын иликтөөчү журналисттери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясаттан кеткен уулу Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад облусундагы тендерлерди катары менен утуп жатканы тууралуу иликтөө жарыялашты.

Маалылматка ылайык, Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы үстүбүздөгү жылдын 31-январында Мамлекеттик сатып алуулар сайтына катталган. Журналисттер бул компания каттоодон өткөн соң, Жалал-Абаддагы тендерлерди утуп баштагынын аныкташкан.

Юстиция министрлигинин маалымат базасында «Мока Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү катары Тай-Мурас Ташиев көрсөтүлсө, ал эми директору катары 27 жаштагы Тимурлан Арзымат уулу катталган. Компания күйүүчү жана техникалык майларды дүңүнөн сатуу менен алектенет.

Аталган компания 3–мартта жаратылыш ресурстар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан дээлик 200 миң сомго бензин сатып алуу боюнча тендерин утап алган.

Андан сырткары «Мока Групп» 8-апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешинин 50 миң сомго бензин сатып алуу боюнча экинчи тендерди уткан. Көп өтпөй ушул эле компания шаардык мэрия жарыялаган 97 миң сомго бензин сатып алуу боюнча кезектеги тендерди жеңген. Азырынча мэрия менен бул тендер боюнча келишим түзүлө элек.

Журналисттер үч тендерде тең «Мока Групп» компаниясы конкурстун жалгыз катышуучусу болгонун белгилешкен.

«Бул башталышы гана. Шайырбек менен Камчыбек Ташивдин уулдары мамлекеттик сатып алуулар боюнча ишти жаңыдан гана башташты. Кыргызстандыктар мамлекеттик казынабыз бош турат. Силерде, салыкчыларда акча бар, сиз мамлекетке салык төлөйсүз, бул акчанын бир бөлүгүн мамлекеттик сатып алууларга жумшалат. Ал эми мамлекеттик сатып алуулардын бир бөлүгүн чиновниктердин жакындары, туугандары утуп алышат», — деп белгилешти иликтөөчү журналисттер.

Мындан сырткары журналисттер «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин үч күн өтпөй депутат Шайырбек Ташиевдин 19 жаштагы уулу Элмирбек Кыдыршаев тендерлерге катышуу ниетин билдирип, Мамлекеттик сатып алуулар сайтына катталганын аныкташкан.

Тай-Мурас Ташиев — «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы менен Жалал-Абад шаардык кеңешине депутаты болуп шайланган. Көп өтпөй 4-октябрда мандатып тапшыруу туурлауу арыз берген.

Ал мунун себебин «Клоопко» «бизге саясатка аралашууга өтө эрте деп ойлойм» деп түшүндүрүп, мындан ары жеке бизнес менен алектенээрин айткан.

Ал шаардык кеңешке талапкерлигин көрсөтүп жатканда өзүн «Томас и Ко» ЖКСынын директорунун орун басары катары көрсөткөн — аталган компаниянын бир нече май куюучу бекеттери бар. 

Мындан сырткары, ал шаардык кеңештин жыйынында Жалал-Абад шаарында кафе иштетээрин ачыктаган.

Тема боюнча: Садыр Жапаров мамлекеттик компанияларга тендер өткөрбөөгө уруксат берген мыйзамга кол койду

Ташиевдер менен байланышы бар компания

Temirov Liveдын журналисттери үстүбүздөгү жылдын январь айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу иликтөө жарыялашкан.

Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп Ташиевдердин жээни Байгазы Матисаков дайындалган.

Иликтөөдөгү маалыматка ылайык, Жалал-Абаддагы мамлекеттик үлүшү бар «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому «Регион Ойл» жеке компаниясы аркылуу Өзбекстанга мазут экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 млн сомдук киреше тапкан.

Расмий маалыматка ылайык «Регион Ойл» компаниясы 34 жаштагы Назгүл Айдарова башкарат — ал 2021-жылы апрелде Жалал-Абад шаардык кеңешине өткөн шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын катарында катышкан, бирок мандатка илешпей калган. Аталган партия УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу деп айтылат.

Айдарова шаардык кеңешке талапкерлигин койгондо «Жалал-Абад мунай кайра иштетүүчү заводдо» бухгалтер болуп иштегенин көрсөткөн. Заводдун негиздөөчүсү Казыбек Ташиев, ал эми директору Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев болуп саналат. Мындан сырткары, Айдарова 2021-жылы парламенттик шайлоодо талапкер Шайырбек Ташиевдин каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгону ачыкталган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни, «Кыргыз Петролеум Компани» (КПК) мамлекеттик компаниясынын башчысы Байгазы Матисаков 25-январда өзүнүн «таза» экенин, «анын ишине Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси жок» экенин айткан. Ошондой эле Матисаков компания иликтөөчү журналист Болот Темиров менен анын командасын сотко берүү маселесин карап жатканын билдирген.

Тема боюнча даңы окуңуз:

Temirov Live: Ташиев менен байланышы бар компания Өзбекстанга мазут сатып 37 млн сом тапты

Аңдуулар жана шантаж. Журналист Болот Темировго карата чабуул кандайча уюшулган?

Бекешев: «Экспресс-строй КГ» фирмасы Бишкекте мектептерди тендер өткөрбөй курат

Президенттин кудасы жетектеген «Унаа» ишканасынын 527 млн сомдук тендери текшерилип жатат

Дашков, түрк компаниясы, Максаттагы кыйраган үйлөр. Булардын кандай байланышы бар?