Темировго кайсыл беренелер менен кылмыш иштери козголгону белгилүү болду

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы «Клооптун» кабарчысына журналист Болот Темировго «Документти жасалмалоо», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, Темировго карата кылмыш иштери «Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча козголгон ишти иликтөөдө козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, журналист 16 жашында Орусиянын жарандык паспортун алып, кийин 2002, 2007 жана 2014-жылдары алмаштырган. Орусиянын мамлекеттик органдарынын маалыматтарына таянуу менен Темировдун паспорту жарактуу экенин кабарланды.

Шаардык милициядан Темиров Орусиянын жараны экенин билип туруп, паспорт бөлүмүнүн кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, 2008-жылдын июль айында кыргыз жаранынын паспортун алуу максатында Кыргызстандын паспортун алуу тартибин бузган деп билдиришти.

«Башка өлкөнүн жараны болуп туруп, [Болот Темиров] паспорттук бөлүмгө билип туруп 2001-жылы Өзгөндүн бириктирилген шаардык аскердик комиссариаты тарабынан башка адамга берилген жасалма аскердик билетти берген. Бирок Кыргызстандын Коргоо министрлигинде Темиров мөөнөттүү аскердик же альтернативдик кызмат өтөгөнү жана аскердик билет алганы тууралуу кандайдыр бир маалыматтар жок», — деп билдиришти милициядан.

Мындан тышкары, ведомстводон журналист тиешелүү документтер пакети менен Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча жазуу түрүндө президентке атайылап кайрылган эмес деп белгилешти.

«Орус жараны экенин жашырып, мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын жарандыгын алуу максатында 2008-жылдын 24-июлунда Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун алуу процедурасын бузуп, Болот Темиров паспорт бөлүмүнө билип туруп башка жасалма убактылуу өздүгүн күбөлөндүрүүчү документти берген. Андан ары Темиров паспорттун мөөнөтү өткөнүн же жоготуп койгонун жүйө кылып бир нече жолу Кыргызстандын жаңы паспортторун тариздетип алууга үлгүргөн», — деп кошумчалашты ШИИБден.

Милициянын маалыматына ылайык, натыйжада Темиров мамлекеттик чек араны 50дөн ашык жолу кесип өтүп, мамлекеттик кызматта да иштөөгө жетишкен. Кылмыш иш боюнча тергөө иштери уланып жатат.

Темировго карата козголгон кылмыш иштер

Иликтөөчү-журналист Болот Темиров өзүнө жаңы кылмыш иштери козголгонун 20-апрелге караган түнү билдирген. Темировдун айтымында, ага каршы үч кылмыш ишинин экөөсү февралда козголуп, ал эми аталган иштер менен Temirov LIVE командасы УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас тууралуу иликтөө чыгаргандан кийин тааныштырышкан.

Иликтөөдө Тай-Мурас Ташиевге таандык «Мока Групп» компаниясы Жалал-Абад облусунда бензин менен камсыздоо боюнча тендерлерди утуп баштаганы айтылган.

Темиров бул кылмыш иштерди журналисттердин тобу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн «иштерин» ачыкка алып чыгып жатканы үчүн куугунттук кылууда деп атаган.

Темиров ага баңгизат салып коюшкан деп ишендирүүдө. Кандан жана заарадан алынган экспертиза иликтөөчү-журналисттин организиминен баңгизатты көрсөткөн эмес. Ал бул ишти «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясы өндүргөн мазутту экспорт кылуудагы күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөнүн чыгышы менен байланыштырып жатат.

Журналисттер бул схемаларга УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандарынын, атап айтканда, инилери Шайырбек жана Казыбек Ташиевдердин тиешеси бар экенин аныкташкан.