Темировдун адвокаттары журналистке карата айыптарды «абсурд» деп аташты

Иликтөөчү-журналист Болот Темировдун жактоочулары журналистке карата козголгон кылмыш иштерин «толугу менен абсурд» деп аташты. Жактоочуларын билдирүүсүн Темиров Фейсбуктагы барагына жарыялады.

Жактоочулардын айтымында, тергөө Темиров жасалма аскердик билетти жана убактылуу күбөлүктү колдонгон деп айыпташууда.

«Бирок бул документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилип жатса кантип жасалма болушу мүмкүн?» — деп белгилешти юристтер.

Адвокаттар милициянын журналист 14 жыл бою мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп жүргөн деген маалыматын дагы абсурд деп аташты. Себеби Чек ара кызматы Темировду чек арадан өткөрүп, паспортуна мөөр басууну уланта берген.

«Бул убакыт ичинде Болот мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу паспортун өзгөртүүгө да, кызматка алууда тыкыр текшериле турган мамлекеттик кызматта иштөөгө да үлгүрүптүр», — деп айтылат Темировдун адвокаттарынын билдирүүсүндө.

Юристтердин пикиринде, эгер журналисттин документтери жасалма болсо, анда ошол жасалма документтерди берген аткаминерлерге айып тагуу керек.

«Болот бул кылмыштардын субъектиси боло албайт, анткени ал өзүнө “жасалма” өздүгүн тастыктоочу документ менен аскердик билетин берген аскер комиссариатынын да, паспорт столдун да кызматкери болгон эмес. Буга кошумча, кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү да өтүп кеткен», — деп баса белгилешти юристтер.

Темировго каршы кылмыш иштер

Темиров 20-апрелде милиция ага карата «Документти жасалмалоо», «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери менен кылмыш иши козгогонун айткан.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Темиров өзүндө орус жарандыгы бар болуп туруп Кыргызстандын жарандыгын алган. Мындан тышкары, милициянын маалыматы боюнча, Темиров жасалма аскердик билетин колдонгон жана мамлекеттик чек арадан 50дөн ашык жолу кесип өткөн.

Буга чейин иликтөөчү-журналистке «Баңги каражаттарын мыйзамсыз сактоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кийин ал «Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо» беренесине алмаштырылган.

Журналистке карата аталган иш Temirov LIVE’дын кеңсеси спецназдын катышуусу менен тинтүүгө алынгандан кийин ачылган. Дал ошол тинтүүдө Темировдун шымынын арткы чөнтөгүнөн күч органдары баңгизат деп аташкан шектүү түйүнчөктү табышкан. Журналист өзү ага түйүнчөктү салып коюшкан деп бир нече жолу айткан.

Темировго каршы кылмыш иштерин козгоо жана тинтүүлөр ал «Кыргызнефтегаз» мамлекеттик компаниясы өндүргөн мазутту экспорт кылуудагы күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөсүн чыгаргандан кийин башталган. Журналисттер бул схемаларга УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандарынын, атап айтканда, инилери Шайырбек жана Казыбек Ташиевдердин тиешеси бар экенин аныкташкан.